super.kg logo
  Саясат  

Назарбаев Лукашенкого телефон чалып, Кыргыз мамлекети менен Казакстандын ортосундагы көйгөйлөрдү айтып берди

 

20-февралда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Беларустун президенти Александр Лукашенконун телефон сүйлөшүүсү өттү. Бул тууралуу Беларустун президентинин басма сөз кызматы билдирип, сүйлөшүү Казак тараптын демилгеси менен болгонун баса белгиледи.

Маалыматка ылайык, Евразиялык экономикалык биримдигиндеги мамилелер президенттер талкуулаган негизги маселелердин бири болду. "Казакстандын лидери Орусия менен Беларустун ортосундагы көйгөйлүү маселелер боюнча тынчсызданып жатканын айтты. Ал бардык маселелер биримдиктин алкагында чечилерин ишенерин баса белгиледи. Мындан тышкары Назарбаев Беларустун башчысына Кыргыз мамлекети менен Казакстандын ортосундагы көйгөйлөрдү жана алардын чечүү жолдору тууралуу айтып берди", - деп айтылат маалыматта, бирок эмне көйгөйлөр тууралуу кеп болгонун басма сөз кызматы белгилеген жок.

Ошондой эле тараптар Беларусь-Казакстан мамилелеринин ортосундагы бардык маселелерди талкуулашканы белгилүү болду. Назарбаев Лукашенкону быйыл жайында өтчү Шанхай кызматтык уюмунун саммитине жана "ЭКСПО-2017" көргөзмөсүнө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: