super.kg logo
  Саясат  

Президенттин билдирүүсү боюнча тышкы иштер министринин орун басары Казак элчисине түшүндүрмө берди

 
Тышкы иштер министринин орун басары Д.Кемелова.
Казакстандын Кыргыз Республикасындагы элчиси А.Бозжигитов.

Бүгүн, 21-февралда тышкы иштер министринин орун басары Д.Кемелова Казакстандын Кыргыз Республикасындагы элчиси А.Бозжигитов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кемелова 2010-жылдагы окуяга токтолуп, медициналык жардам алуу үчүн чек арадан өтө албагандар дарыя аркылуу өтүп жатып бир бала агып кеткенин айтты.

Мындан сырткары бир жарым ай аралыгында дары-дармектер жок болгондуктан катуу ооруган бейтаптар каза болгон фактылар бар экенин эске салды. "Келечекте конструктивдүү иш алып баруу үчүн кайым айтышуудан алыс болгон туура. Мамлекет башчыларыбыз койгон маселелерди чечүүгө, кызматташууга көңүл бурушубуз керек", - деди Кемелова. Ошондой эле 12 көзөмөл өткөрүү бекеттеринин төртөөсү жабык турганын кошумчалады.

А.Атамбаев өткөн жуманын аягында "Euronews" телеканалына маек берип жатып Казакстан 2010-жылы чек арасын жапканда каза болгон жарандар тууралуу айткан. Кийин Казакстандын тышкы иштер министрлиги "Биз Кыргыз президентинин билдирүүсүнө көңүл бурдук. Учурда кыргыз тараптан түшүндүрмө күтүүдөбүз", - деп маалымат тараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: