Азербайжандын президенти Ильхам Алиев аялын өлкөнүн биринчи вице-президенттигине дайындады
Мехрибан Алиева


Мехрибан Алиева

Азербайжандын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жаткан кез.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев аялы Мехрибан Алиева менен.



Азербайжандын президенти Ильхам Алиев аялы Мехрибан Алиеваны өлкөнүн биринчи вице-президенттигине дайындады. Бул тууралуу 21-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Президент Мехрибан Алиеванын коомдук-саясий ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери, маданий жана эл аралык иштердеги ийгиликтери анын жогорку кызматка дайындалышына себеп болгонун билдирген.
Бул чечими тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы: "Бир топ жылдан бери коомдук-саясий иштерде Алиеванын ролу маанилүү болду, жалпысынан ар тараптуу ишмердүүлүктү аткарды. Ушул факторлор аны Азербайжандын биринчи вице-президенти кызматына дайындашыма түрткү болду", - деген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

