Ырдап, бийлеп, тамашалары менен жылмайткан Аскер институтунун курсанттары көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты (фото)
























Бүгүн, 21-февралда Бишкектеги медициналык академияда Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында "Курсант балы" аталышындагы салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун офицерлери, 40тан ашуун курсанттары жана аталган окуу жайдын студенттери, мугалимдери катышышты.
"Курсант балы" иш-чарасында Аскер институтунда тарбияланып жаткан курсанттар өз таланттарын көрсөтүштү. Ошондой эле аталган институттун атынан "Тамашоу" долбооруна катышып жүргөн "Рота" курама командасынын жигиттери көрүүчүлөргө көӊүлдүү маанай тартуулашты.
Мындан сырткары иш-чарада ырлар ырдалып, соӊунда курсанттар бийкечтер менен вальс бийин бийлешти.
Жаш курсанттар тобунан шаӊдуу бий
Курсанттар залды жарды
"Курсант балы" иш-чарасындагы жагымдуу вальс
Курсанттар келечектеги дарыгерлер менен вальс бийлешти



1 |