super.kg logo

Бишкекте жубайы менен ажырашып кеткен тургун бир жылдан бери люкта жашап, күн кечирет

 

Таластын Манас районунун тургуну Бакыт Мыксыбаев бир жылдан бери Бишкектеги Интергельпо жана Москва көчөсүнүн кесилишинде люкта жашайт. Анын айтымында, ал жубайы менен ажырашып кеткен, 3 баланын атасы.

"Бир жылдан ашуун убакыттан бери люкта жашайм. Түнкүсүн жер алдынан өткөн жылуулук түтүктөрүн кучактап жатып уктайм. Бул жер аябай жылуу. Суу болгон кийимдеримди кургатып алам. Көп жылдардан бери желим бөтөлкө чогултуп, сатып, тиричилигимди кылып келем. Чогулткан бөтөлкөлөрдүн 1 килограммын 7 сомдон атайын кабыл алуучу жайларга сатам. Бирок аны менен ижарага үй алып жашамак турсун, жылуу кийим сатып ала албайм, жеп-ичкенге гана жумшайм. Акыркы убактарда желим бөтөлкө жок, акча таба албай суу ичип жашап калдым", - деди Мыксыбаев.

Бакыт Мыксыбаевдин бир кызы турмушка чыгып, эки баласы өз алдынча турмуш куруп кетишкен. Ага тиешелүү эч кандай документтери жок экенин билдирди.

"Турмуштук келишпестиктен улам келинчегим менен ажырашып кеткем. Кийин балдарым карабай кетти. Акыркы жолу балдарымды 2 жыл мурда көргөм. Алар балалуу болуп калышыптыр. Мен буга чейин электр тармагын окугам. Документтерим жок жумушка орношо албай жүрөм. Учурда 53 жашка толдум. Жумушка жарамдуу курактан да өтүп калдым. Мындан ары кантип жашайм билбейм. Колунда бар адамдардан жардам сурайм, мен бардык жумушту жасай алам", - деп, коомчулукка жардам сурап кайрылды Мыксыбаев.

Люктан жарым жылаңач чыккан адамды көргөндөрдүн айрымдары күлүп өтсө, башкалары таң калуу менен карашат. Мыксыбаев менен сүйлөшүп жатканда, "Ленин райондук социалдык фонддун кызматкеримин" деген жигит "люктагы түтүктөрдү тешип салбагын, бизге жылуулук жетпей калат" деп айта кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(24)
22.02.2017. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Таштап кеткен балдарына наалат, бактылуу карылыктын доорун сүрүп жашай турган убакта таштап кеткен туура эмес болуптур азырда кеч эмес уйунорго алып келгиле атаңар жок болсо бул дуйного келмек эмессиңер.
22.02.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Alixan-Nookat.2015, мунун да озунун куноосу бар да. Суттон ак эмес. Арактын айынан чыгар. Ким эле уй булосун багып жатса карабай кетсин. Уйуно да тынчтык жок чыгар.
22.02.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Alixan-Nookat.2015,билип белбей наалат айтпан ошол балдары кичинекей канаттары каттый электе бул эргул каякта эле ??? Ошол аялы жалгыз багып чонойтсо керек канча жолу кыйналса керек эле??? Ошондо бул ата сорой каякта эле??? Бактылуу карылыкка да жаш кезден аракет кылыш керек?!! Балага мээрим бериш керек. Эмгек кылыш керек алар кыйналып чоноюшту оздору. Эми бул ата сорой злрасти я ваш отец деп даяр нерсеге барыш керек!!! Балдарына соз тийгизгенибиз атасынын да биздин да моралдык укугубуз жок!!!
22.02.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Alixan-Nookat.2015,жаштыкта аялына азап берип,уйбулосун кыйнаган эркек каарыганда кор болот дейт,балким бул кишида убагында,жаш журо берем,колумдан бар жок келет деп,аялын кордоп,балдарын сыздатып ушул кунго жеткендир.
22.02.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Атанар кандай адам болсода ал баарбир атанар. Башка бироо силер учун ата болуп бере албайт. Козу тируусундо батасын алып кечирим сурап калгыла. Колунарга алгыла.
22.02.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ичкич окшойт да. Жакшы эрди, атаны ким таштамак эле. Балдары кичинекей кезинде көңүлүнө тийип койсо жүрөгүнө калып калат, андайлар карабайт. Кошунабыз ичип келгенде үйүндө эч ким калчу эмес эле, ошол балдар азыр да ошол күндөрүн эстешет"бизде бактылуу балалык деле болгон эмес, чычкандай эле тырпырап качып жүрчүбүз" дешип...
22.02.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
deva, Ошентседа атасы алардын. Азыр таштап койгон болбойт.
Атакелеп алаканына салышса атасы кылган ишине окунуп АЛЛАХтан кечирим сурайт ошол кылгандарын тушунот. Балдарына батасын берет.
22.02.2017. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aibars, балам деп канатууга кактырбай чонойтпойбу? Ажырашып кетип люкта жашайм дебестен.
22.02.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ата ыраазы,Кудай ыраазы деген соз бар,ичкич болсун,майып болсун,эмне болсо да эркек бала атасын ыраазы кылып батасын алмайынча,бул дуйнодо да тиги дуйнодо да жарыбайт.Ал эми аялдар куйоолорунун ыраазычылыгын алуусу керек.
22.02.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эмнеге мынтип жургонун бир Аллах билет,бир озу билет,бир аялы билет.Биз эч нерсе билбей туруп ал экен,бул экен дегенибиз да туура эмес.Коргон козубузго ишенсек эки колу бутун,буттары соо эле киши экен,мынтип жашаганы туура эмес.Ото эле "ылдыйлап"кетиптир.Мен бул кишини жалкоо,арамза,аракеч,оной оокатка конгон адам экен деп тушундум!
22.02.2017. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ekaterinburg,Силерге 200% кошулам
22.02.2017. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Балдарына жана бир туугандарына наалат. Ал ким болсун атанын назарынан калган жаман. Атаны эч убакта кар кылбаш керек. Атанарга кандай мамиле кылсанар, уулунардан да келечекте ошондой жооп куткуло. Уятынар болсо алып барып, торунорго отургузуп, сый-урматка бологуло атанарды, кечирим сурагыла ушундай абалга жеткиргенинерге окунгуло, конулун которгуло.
22.02.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ratbek,озу бир убакта балдарды таштап кеткен. Балдарына соз тийгизбегиле. Канчалаган эркектер балдарын аялын таштап оздору бир жери иштеп турганда корунгон жерде баатыр болуп журушот. Качаан балдары кыйналып чоноюп козго корунуп калганда эй мен атан дегенге моралдык укугу жок!!! Диний алымдардан да сурагыла бул кишинин аялына балдарына соз тийгизгенге болбойт дейт.
22.02.2017. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эгер атан чочко болсо байлап бак деген. Балдарына айтарым эмне болсо да, ал силердин атанар
22.02.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунда бар адамдар жардам берет деген умуттомун
22.02.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жашоодо акылсыз балдар болот экен, ушунча тороп чонойтуп койсо да ата-эненин кадырына жетпеген, мындай ХХХ балдарга Кудайдан ыйман гана тилеш керек экен. Эмнеси болсо да атасы го!
Модератор admin_portal түзөттү 2017-02-22 12:42:30
22.02.2017. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
700%
22.02.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тапкан тыйынын аракка жумшайт бекен? Ошол жөнүндө да сурабаптырсыңар да, супер инфо. Балким ичпесеңиз балдарыңыз карабай кетмек эместир.
22.02.2017. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын атаны таштап койгону жаман,бирок ата да семиясына
камкордуу болушу керек.
22.02.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Балдарым карабай таштап кетти дейт аталар биринчи балдарын таштап кетет. Канча аталар журот балдарын таштап алар кантип чоноюп жатат иштери жок.качан алдан кучтон тайганда здрасти я ваш отец деп жарк этет.
22.02.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр кээ бир адамдар (эркек) жаштыгына салыппы же эркектигине салыппы ажырашып, алименттен качып, аялдан аял тандап журушот. Мына ошондой жашоонун жыйынтыгы. Качан бечара эне баланы чонойтуп турмуш жолуна кошкондо мен атанмын деп Уялбай пайда болуштун кереги барбы.
22.02.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кебетеси жалан суу ичип жашаган кишидей эмес ко.
22.02.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошо люктан көрө мечитке бар тобо кылып аллахтан сура аллах берет ырыскыны да бакытты да байлыкты да берүүчү бул дүйнөнүн жана аркы дүйнөнүн ееси аллах адамдардан сурап алганын ертен түгөнбөсө бүрсүгүнү түгөнөт аллах берген ырыскы өмүрүнүздүн акырына чейинки ырыскы дуба кылып аллахтан гана сураныз
23.02.2017. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кишинин балдары менин комментарийимди окуп калсанар силер атанарды кабыл алгыла. Силерде куноо жок, куноо атанарда силерди убагында таштап кеткени учун.кудайдан кайтат. Кечиргиле атанарды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: