super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: Голдорго бай “Манчестер Сити” – “Монако” оюну, “Атлетико” конокто “Байерди” жеңди

 

22-февралга караган түнү Европадагы эң ири клубдар аралык ири мелдеш – Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюндары болуп өттү. Анда Манчестер шаарынын “Этихад” стадионунда жергиликтүү “Манчестер Сити” “Монакону” кабыл алып, кызыктуу беттеш тартуулады. Ал эми Леверкузен шаарында “Байер” мадриддик “Атлетико” менен тирешти.

"Манчестер Сити" (Англия) - "Монако" (Монако) – 5:3

Голдор: Стерлинг (26-мүнөттө), Агуэро (58-мүнөттө, 71-мүнөттө), Стоунз (77-мүнөттө), Сане (82-мүнөттө) - Фалькао (32-мүнөттө, 61-мүнөттө), Мбаппе (40-мүнөттө)

Пеп Гвардиола беттеш алдында “Монакодон” утулуп калсак катуу сындарга кабылабыз деп билдирген. Андыктан беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн тарта чабуулдарга өтүштү. Анын жыйынтыгы көпкө күттүргөн жок. Рахим Стерлинг 26-мүнөттө эсепти ачып, “Манчестер Ситини” алдыга чыгарды.

Коноктор да жөн турган жок, “Монако” футболчулары чабуулга чабуул менен жооп берип баштады. Радамель Фалькао эсепти 7 мүнөткө жеткирбей теңеп, Серхио Агуэрого чакырык таштагандай болду.

Экинчи таймда эки команданын чабуулчуларынын тиреши уланды. Радамель Фалькао дагы бир гол жаратканы менен 11 метрлик айып соккудан таамай боло алган жок. Ал эми үй ээлеринин аргентиналык чабуулчусу Серхио Агуэро 2 жолу айырмаланды.

Оюндун акыркы мүнөттөрүндө “Манчестер Сити” оюнчулары чаалыгып калган коноктордун дарбазасына дагы эки гол киргизишти. Жыйынтыгында Агуэро-Фалькао 2:2, ал эми “Манчестер Сити” – “Монако” 5:3 эсеби менен аяктады.

“Байер” (Германия) – “Атлетико” (Испания) - 2:4

Голдор: Бельараби (48-мүнөттө), Савич (67-мүнөттө, автогол) - Сауль (17-мүнөттө), Гризманн (25-мүнөттө), Гамейро (58-мүнөттө), Торрес (86-мүнөттө).

Леверкузен шаарында өткөн беттеш да голдорго бай болду. Испандык клуб 1-таймда эле беттеште мыктылыгын көрсөтүп, 2 гол жаратканга жетишти.

Экинчи таймдын башында Бельараби айырмаланып, үй ээлери үчүн үмүт жанданды. Бирок Гризманн жана анын командасы “Байерге” эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, чабуул артынан чабуул коюп жатышты.

Калыстын ышкырыгы оюнду 2:4 эсебинде жыйынтыктады. Өз үйүндө утулуп калган “Байер” чейрек финалга чыгуу үчүн жооптук беттеште болгон аракетин жумшашы керек.

Бул командалардын ортосундагы жооптук оюндар 15-мартта өтөт.






Байер - Атлетико. Чемпиондор Лигасы

Манчестер Сити - Монако. Чемпиондор Лигасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
22.02.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик монакого кийинки оюнда 2гол кутом фалькаодон дубль
22.02.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гризманн красавчик эн жакшы оюнчу Атлетиконун тарыхындагы.
22.02.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен дагы Монакого ийгилик каалайм мумкунчулук бар али Манчестер Сити кээде эле ушинтип ойношот.Монако коргонуудан алсыз болду.фалькаодон хет-трик кутом
22.02.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Ман Сити
22.02.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Торрес гол киргизет деген элем киргизди да братаным
22.02.2017. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гризманн красавчик.Ишеничти актадын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: