Укук коргоочулар муфтийдин диний жогорку билими жоктугунан улам сотко беришет

Укук коргоочулар муфтий Максатбек ажы Токтомушевди диний жогорку билими болбогону үчүн сотко берет. Бул боюнча бүгүн, 22-февралда укук коргоочулар Акин Токталиев жана Келдибек Аскаралиев маалымат жыйын берди.
Аскаралиевдин айтымында, мамлекеттик диний комиссиясынын директору Орозбек Молдалиев Тышкы иштер министрлигине Максатбек ажы Токтомушевдин диний диплому бар же жоктугун билүү үчүн кайрылган. Натыйжада Токтомушев билим алган Пакистандын "Аль-Арабия" деген медреседе мамлекеттик стандартка жооп берген сертификатынын жоктугу тууралуу кат келген.
"Биз Максатбек ажы Токтомушевди 3 жыл алган айлыгын төлөп беришин талап кылабыз. Эми муфтийди мыйзамдуу жол менен тандоону сунуштайбыз. Негизи мыйзам боюнча муфтий боло турган адамдын эки диплому болуш керек. Биринчиси светтик, экинчиси диний диплому болуусу зарыл. Ошондуктан сотко берүүнү чечтик", - деди ал.
Алар Токтомушевдин диний диплому жок экенин 3 күн мурда билишкенин кошумчалады.




Чечилбей келген ажылык сапар боюнча коррупцияларды жоюшту
Элдин каргышына калып кеткенден корккулачы дунуйо деп журуп дунуйонун алдында калгырлар
Максат ажы канча кишини туура жолго ундоп,элдин тынччылыгына ыйманына адебине куйгон инсанды кодулабай.дипломунар барынар кыйратып жатасынарбы светтик болуп же кыргыз эмес же орус эмес болуп элди эки анжы кылып болуп- жарып
Суперде Чубак ажы журот да сурамжылоодо ошого саясатчылар чочулап жатышат булар президенттик жарыш жакындап жатат дешип