super.kg logo

Талантбек Батыралиевдин кетишин талап кылган митингчилер кийинки жумада бул маселени кайра көтөрүшөрүн билдиришти

 

Бүгүн, 22-февралда Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев митингчилер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Чет өлкөдөн дарылар кымбат алынып келгенине байланыштуу айтылган нааразычылыктар боюнча буларды билдирди:

"Дарыларды жеке менчик ишканалар алып келет. Алардын баасын көзөмөлдөй албайбыз. Учурда бул жаатта тиешелүү мыйзам даярдалып жатат. Кабыл алынса, дарылардын баасын мамлекет көзөмөлдөй алат", - деди министр.

"Кандайча министр болуп калдыңыз?" деген суроого "мен бул кызматка өзүм келген жокмун. Бул суроону Жогорку Кеңешке берүү керек" деп айтып, медицина жаатында чет өлкөдө бир топ эмгектенгенин, илимий эмгектери бар экенин айтып өттү.

Катышуучулар министрден канааттандырарлык жооп ала алышпаганын айтып, "сиз көп нерсени билбейт экенсиз, иштей албасаңыз ордуңузду башка бирөөгө өткөрүп бериңиз. Биз кийинки жумада бул маселени дагы көтөрөбүз", - деп сүйлөшүүлөрдү жыйынтыкташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.02.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талант жумуштан кетсе эле кыргызстан онолуп кете тургансып жаман болуштуго булар,андан коро Талантын досун кетиргиле ошондо кетет!
22.02.2017. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура чечим ,бир да бальница
онолгон эмес иштегенден бери.
23.02.2017. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Parish,мурдакыга салыштырмалуу бир аз жакшы мурдакы министирлер жеп гана кетишкен
22.02.2017. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кандай колдон келбейт экен значить иштин жолун билбейт экен мындайларды айдаш керек жумушка келгенде жумуштун жолун билиш керек да бир эле дарыда эмес врачтар да адамдардын оорусу менен ойноп калышты ошолорду да козомолдобойбу мен ооруп канча жерде жатым врачтарды коруп тан каласын акча сурагандан башка бирдеке билишпейт же реальный диагноз кое албаса корунсон кыымбаааат дарыларды жазып берет же тассир берсе анысы корсо врачтар кымбаат дары жазып ошол дары чыгарган компаниялар менен иштешнт экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: