super.kg logo

Кыргыз студенти Түркиядагы "Жаш медиачылар" сынагында байгелүү орунду алды

 

Түркияда өткөн "Жаш медиачылар" сынагында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Асел Акматалиева 3-орунду ээледи. Кечээ, 21-февралда Стамбул шаарындагы Кадир Хас атындагы университетте аталган конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөн. Сынакка жалпысынан 37 жогорку окуу жайдан 295 студент 772 эмгеги менен катышкан.

"Бул сынакка былтыр жай айында кыргыз шырдагын даңазалаган 2 мүнөттүк репортаж жасап жөнөткөм. Жеңишке жетем деп күткөн эмесмин, себеби менден дагы күчтүү студенттер бар болчу. Башка мамлекеттерде, айрыкча Түркияда кыргыздын боз үйүнө, шырдагына, дегеле кол өнөрчүлөрдүн эмгектерине аябай маани беришип, баркташат экен. Учурдан пайдаланып мага медиа жаатында кеп-кеңеш берген инсандарга ыраазычылык билдирем", - дейт Асел Акматалиева.

Буга чейин ал 2015-жылы Кыргыз мамлекетинде өткөн "Медиа көпөлөк-2015" фестивалында радиорепортаж даярдап, 1-орунду ээлеген.

Түркиядагы "Айдын Доан" фондунун "Жаш медиачылар" конкурсу ушуну менен 28-ирет өткөрүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.02.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Асел! Дагы да ийгиликтерд багынта бер! бул эмгегин башталышы болсун!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: