super.kg logo
  Саясат  

Нарын шаарында 1-Май майрамы белгиленди

 
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик мекеме кызматкерлери басымдуулук кылды
Иш-чарага жана майрамдык кечеге күбө болушкан шаар тургундары
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик мекеме кызматкерлери басымдуулук кылды
Жетекчилер куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүүдө

Бүгүн, 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата Нарын шаарынын борбордук аянтында майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Иш-чараны шаар мэри Баатырбек Жээналиев ачып, "быйылкы өткөрүлүп жаткан 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүн майрамдоо президент жарыялаган “2013-жыл - Иштерман  жылына”  туура  келүүдө. Баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм”,- деди.  

 

Андан соң өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова, Кесип бирликтеринин Нарын облустук кеңешинин төрагасы А.Молдалиев, Нарын облустук жеке ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Р.Адиев куттуктоо сөздөрүн айтышты. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүн концерттик программа коштоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: