super.kg logo

Советтик окумуштууну сабаган өзбек аял 3 жарым жылга кесилди

 

Орусияда советтик окумуштуу Михаил Бруверди багып иштеген өзбек аял 3 жарым жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Өзбекстандык Месимба Ажелялова окумуштууну багып иштөө үчүн жумушка орношордо туугандарына бир нече документтердин топтомун көрсөткөн. Арасында медициналык билими бар, жакшы мүнөздөмө жазылган кагаздарга ишенген окумуштуунун балдары аны жумушка алышкан. Брувердин кызынын айтымында ал акыркы күндөрү атасынын денесинен ар түрдүү жаракаттарды, көк алаларды байкаган.

"Бир күнү үйгө барсам атамдын башы канап атыптыр. Багуучудан сурасам жыгылып кетти деп койгон. Анан атам менден колбасага акча берчи деп калды. Муздаткычтан алып жей бер да десем, "тиги аял муздаткычка жолотпой жатат" деди. Карыганда ушинтип калат эмеспи адамдар. Ошентсе да жашыруун көзөмөл орноттурдук. Видеокөзөмөл багуучу аялдын атама жасаган үрөй учура турган иш-аракетин жазып калыптыр", - дейт окумуштуунун кызы.

Укук коргоо органдары бул иш боюнча иликтөө жүргүзүшүп, Ажелялованын ишин сотко өткөргөн. Ошондой эле ал жумушка кирер алдында тапшырган документтин баары жасалма болуп чыккан. Эми аны сот 3 жарым жылга кести.

Эске салсак, советтик окумуштуу Михаил Брувер Орусиянын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Акыркы учурда ал "Альцгеймер" дарты менен жабыркап калган.






Карыган абышканы багуучусу сабап жүргөн

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
22.02.2017. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Иииий ХХХ го!Каантип карыган адамды уруп токмоктойт,озунун ата энеси жок бекен сиделканын,байкушка тамак да бербесе ,кандай деген адам.3 жыл аздык кылат
Модератор admin_portal түзөттү 2017-02-22 17:45:08
23.02.2017. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnur1980, этика нормаларын сактаңыз!
22.02.2017. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
О булардан этият болуш керек! Тили ширин, дили каттуу . Москвада канчалаган Кыргызды шоорлоотуп жатышат.
23.02.2017. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тили ширин дебей эле койгулачы. Озбектер менен коп эле иштештим. ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2017-02-23 09:12:51
23.02.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ali-han, башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
23.02.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кебетесинен эле корунуп турат но,бул маалыматты укканыма бир жыл болду,Эми чыкканына тан калдым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: