Баатыр Чолпонбай Түлөбердиевдин урматына грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш болот
СССРдин Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевди эскерүү урматына 14-17 жаштагы балдар арасында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш уюштурулат. Иш-чара 10-12-май күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда орун алмакчы. Мындай маалыматты КРнын Грек-рим күрөшү федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Анда кыргызстандык жана башка өлкөлөрдөн келген жаш балбандар 13 салмактык категорияда күч сынашмакчы. Иш-чараны өткөрүүнүн максаты - согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевди эскерүү жана грек-рим күрөшүн жаштар арасында даңазалоо болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.