super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: “Ювентус” конокто “Портудан” күчтүү, “Севилья” “Лестерди” утту

 

23-февралга караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюндары жыйынтыкталды. Анын бири Порту шаарында, бири Севильяда өттү.

"Порту" (Португалия) - "Ювентус" (Италия) - 0:2

Голдор: Пьяца (72-мүнөттө), Алвес (74-мүнөттө)


Португалияда Италия чемпиону “Ювентус” конокто жеңишке жетишти. “Порту” командасы биринчи таймда эле коргоочусу Алекс Теллестин эки сары айып кагаз алып калганынан улам жигердүү оюн көрсөтө алган жок. Оюндун экинчи бөлүгүндө алмашууга чыгышкан Марко Пьяца менен Дани Алвес бул оюндун жеңүүчүсүн аныктап коюшту.

“Севилья” (Испания) – “Лестер” (Англия) – 2:1

Голдор: Сарабия (25-мүнөттө), Корреа (62-мүнөттө) - Варди (73-мүнөттө)

Севилья шаарында жергиликтүү команда Англия чемпионун кабыл алды. Алгачкы мүнөттөрүнөн тарта чабуул менен баштаган испандыктар 12-мүнөттө пенальти соккусуна мүмкүнчүлүк алышты. Бирок Каспер Шмейхель Корреанын соккусун тосуп алды. Оюндун калган бөлүгүндө Пабло Сарабия менен ошол эле Корреа айырмаланып, эсепти 2:0 кылышты. Буга коноктордун чабуулчусу Жейми Варди 73-мүнөттө таамай болуп, бул беттештин жеңүүчүсү жооптук беттеште билинерин көргөздү.

Бул командалардын ортосундагы жооптук оюндар 14-мартка белгиленген.






Севилья - Лестер. Чемпиондор Лигасы

Порту - Ювентус. Чемпиондор Лигасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.02.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эле болду мен ойдогондор женишти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: