super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жогорку Кеңештин төрагасы Бурана суусунан жабыркаган объектилердин абалы менен таанышты

 

Кечээ, 22-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Чүй районундагы сапарында Жаңы-Жол айылындагы Бурана суусунан жабыркаган объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, өткөн жылы Бурана суусу да көтөрүлүп, 32 гектар айдоо жерин, Интернат айылындагы үйлөрдү каптап кеткен. Ошондой эле Жаңы-Жол айылындагы “Осмон алыш” каналынын нугу толуп, Жаңы-Жол – Интернат жолун жууп, жараксыз абалга алып келген.

Иш сапар алкагында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков бул көйгөйдү четтетүү максатында министрлик тарабынан техника бөлүнүп берилгенин айтты. Аталган сууларга толуп калган кум-шагылды тазалап туруу сунуш кылынды. Ал эми жергиликтүү дыйкандар мындай жол менен маселени чечүүгө макул эмес экенин билдирди. Алар эккен эгиндерин дарыя нугунан чыккан суу 3 жыл катары менен жууп, мээнеттери текке кеткендигин айтып, Бурана суусун бойлой сел тосмолорун куруп берүүнү талап кылышты.

Ошол учурда Чыныбай Турсунбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Каржы министрлигине сел тосмолорун курууга канча каражат сарптала тургандыгын эсептеп чыгууга тапшырма бере турганын белгиледи. Чүй районунун сугат башкармалыгынын өкүлү Талант Ормушев эгерде каражат бөлүнө турган болсо сел тосмолорун курууга даярдыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: