super.kg logo

Алмазбек Атамбаев өлкө жарандарын Мекен коргоочулар күнү менен куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жарандарын Мекен коргоочулар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоодо мамлекет башчы бул майрам эрдиктин, каармандыктын жана чыныгы мекенчилдиктин символу экенин белгиледи.

"Бүгүн биз мекенибиз үчүн өмүрүн кыйган, аны урпактар үчүн сактап, мурас кылып калтырган ата-бабаларыбыздын улуу эрдигине, жаркын элесине, элибиздин майтарылбас улуу рухуна таазим этебиз. Бабаларыбыздын куттуу жергебизди көздүн карегиндей сактап, тынчтыкта жана ынтымакта жашагыла деген улуу осуятын аткаруу Мекенин сүйгөн ар бир Кыргыз жараны үчүн ыйык парз болуп саналат. Ушул күнү биз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, башка согуштарда кан-жанын аябай күрөшкөн эр жүрөк жоокерлерге өзгөчө көңүл буруп, аларды урмат-сыйга бөлөйбүз.

Бул майрам мекенин коргоого, эл-журтуна ак кызмат кылууга ант берип, аны абийирдүүлүк менен аткарып жаткандардын майрамы. Бүгүн өз өлкөсүнө чексиз берилгендердин, куралдуу күчтөрдүн жоокерлеринин катарында, укук коргоо системасында жана улуттук коопсуздук органдарында кызмат кылып, мамлекетибиздин, коомубуздун жана Кыргыздын ар бир жаранынын коопсуздугунун сакчылыгында тургандардын сыймыктуу майрамы болуп саналат", - деп жазылган куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: