super.kg logo

Саякат. Дүйнө кыдыруу кыялын ишке ашырып жүргөн кыргыз кызынын Түштүк Кореядагы жашоосу

 
Түштүк Корея эли кара чайга караганда көк чайды көп ичишет.
Корей ашканасы ар тараптуу, деңиз азыктары, жер-жемиштер. Албетте ачуу тамак басымдуулук кылат.
Кореянын улуттук тамактарын үйрөнүп жаткан учур.
Окуу жайда ар кайсыл мамлекеттерден келген студенттер окуйбуз.
"LG Global Challenger программасынын алкагында долбоор жазып биринчи орунду алдык",- дейт Анара.
Анара Болушева: "Университетте болгон сынакта байгелүү орунду алдым"
Түштүк Кореяда мөмө-жемиштер аябай кымбат баада сатылат.
Окуу жай Түштүк Кореяны таанытуу максатында экскурсияларды уюштуруп турат.
Ресторандарда балыктарды аквариумдан алып бышырып беришет.
Түштүк Кореяда азыр кыргыздар көп. Окууга келгендер жана иштөө үчүн келгендер. Жумуш боюнча келгендер көп дешет. Алар өз алдынча чогулуп турушат. Биз студенттер тыгыз байланыштабыз, коомдук иш-чараларга катышып турабыз. 
Кыргыз маданиятын таанытуу максатында өткөн иш-чарадан көрүнүш.
Чжечжу аралындагы Сүйүү сейил багы.
Тоого чыгуу маалында.
Бул жакта баары велосипед тебишет. Айрыкча улгайган адамдарды велосипед тээп бара жатканын көрүүгө болот.
Түштүк Кореяга жакын мамлекеттерге саякатка чыгып, анын катарында Куала-Лумпурда болдум.

"Саякатоо - мен үчүн дүйнөнү таанып билүү, жаңы адамдар менен таанышуу, тажрыйба топтоо. Чет мамлекеттерде болгондон кийин жашоого көз карашым өзгөрдү, жер жүзүн кыдырып чыгуу кыялы пайда болду" деген Анара Болушева учурда Түштүк Кореяда билим алып жатат. Корей тили боюнча сынактарда байгелүү орундарды алып, эл аралык программанын алкагында өзүнүн командасы менен долбоор жазып биринчи орунду алган кыргыз кызы Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Миңдеген башка кесиптин бирин тандап Анара Кыргыз жеринде иштеп калмак, бирок ал тил үйрөнүп жер таанууну чечкен. "Саякаттоо үчүн эмне керек?" деген суроомо күлүп "Акча керек. Мен акчаны чогултам. Мисалы, косметика, кийим, тамактар сыяктуу ыксыз чыгашаларды кылбайм", - дейт. Өзүнө болгон ишенимдин күчтүүлүгү, кызыктуу окуяларга даяр болуу керектигин кошумчалаган кыргыз кызы Түштүк Корея өлкөсүндөгү жашоосу тууралуу баяндап берди.

"Жигиттер көчөдө кызды жактырып калышса, барып таанышуудан тартынышат"

Бишкекте жогорку окуу жайын аяктагандан кийин Түштүк Кореяда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, 2014-жылы күзүндө окуум башталды. Кинолордон көрүп сулуу кыздарды, Гу Жун Пёдой жигиттерди элестетчүбүз, жашоодо биз сыяктуу карапайым эл экен. Телеэкрандан көргөн актёрлор, ырчылар менен карапайым калк эки башкача. Бул жакта пластикалык операция аябай өнүккөн. Башында көп айырмалай алчу эмеспиз, азыр айырмалоо оңой болуп калды. Дорамалардагы укмуш жашоону көрүп, Кореяда баары ошентип жашайт деп ойлошу мүмкүн. Чындыгында андай эмес. Маселен, сериалдарда жигиттер аябай камкор, өзүнө ишенген, кыздар менен оңой мамиле түзө алгандай көрүнөт. Реалдуу жашоодо көчөдө же башка жерде бара жатканда корей жигити бир кызды жактырып калса таанышууга аракет кылбайт, уялышат анан кагуу жеп калам деп коркушат.

"Бир аз ачуу эмес" деген тамагы биз үчүн өтө ачуу болуп чыгат"

Корей ашканасы кыргыздын тамактарынан бир топ эле айырмаланат. Деңиз азыктарын көп колдонушат. Негизги тамактары күрүч анан жашылчалардан турат эмеспи. Эт жеп көнгөн кыргыздар үчүн тамагына көнүү кыйын болот. Көпчүлүк эркек балдар тамактан кыйналып арыктап кетишет. Тамакка байланыштуу көп кызыктуу окуялар болот. Даамын билбей сатып алган учурлар болот. Тамак аларда "ачуубу?" деп сурайбыз. Алардын "бир аз эле ачуу" дегени биз үчүн өтө ачуу болуп чыгат.

"Маданиятын таанытуу боюнча программалар көп, бирок учурда жаштар бул жаатта активдүү болбой калышты"

Корей эли маданиятына көп көңүл бурат. Өз маданиятын, тарыхын чет элдиктерге таанытуу максатында иштеген уюмдар, программалар көп. Алардын баары акысыз. Окуу жай тарабынан дагы ар кандай экскурсиялар уюштурулуп турат. Мамлекет тарабынан маданиятты өнүктүрүү жана кийинки муунга жеткирүү жаатында колдоо көрсөтүлөт. Улуттук майрамдарда же башка иш-чараларда сөзсүз улуттук кийимин кийишет. Учурда корей жаштарынын бул тармакта анчейин активдүү эмес экенин байкоого болот.

"Чөнтөкчүлөр жокко эсе, жоголгон буюм үчүн кабатырланбаса да болот"

Бул жакта ыңгайлуу жашоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Коомдук транспорт - автобустар жана метролор таза, бардык жерде камералар орнотулган. Бир шаардан экинчи шаарга чейин атайын автобустар бар. Бардык нерсе бат бүтүшүн жактырышат. Көчөлөрдү оңдоо же тазалоо иштери кечинде жүргүзүлөт. Көчөлөрдү жабуу деген болбойт. Таштанды салчу чакалар аз болсо да эл туш келди жерге таштанды таштабайт. Көчөлөрдө, метродо, эс алуучу жайларда дааратканалар акысыз жана таза турат. Чөнтөкчүлөр жок, элдер коомдук транспортто эркин жүрүшөт. Эгер буюмуңузду жоготуп койсоңуз кабатырланбай унутуп кеткен жерге барсаңыз болот. Өз ордунда турган болот же таап алган адам сөзсүз жакынкы милиция бөлүмүнө, метродогу жоголгон буюмдар бюросуна алып келип берет. Жакында эле бир жерге телефонумду унутуп кеткен учур болду, бир сааттан кийин барсам кароолчу алып койгон экен, кайтарып берди.

"Бул жактагы тоолор Кыргыз жериндеги адырлар сыяктуу. Ошентсе да тоо туризми өнүккөн"

Буларда жыл мезгилине жараша түрдүү фестивалдар өтүп турат. Мисалы, жазында гүл фестивалы, кышында кар фестивалы сыяктуу. Жайында баткак фестивалын өткөрүшүп бирин-бири ылай менен уруп ойношот. Мындан сырткары муз, суу, мөмө жемиштер, ыр-бий, кино фестивалдары өткөрүлөт. Тоо туризмди өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул жактагы тоолор Кыргыз жериндеги адырлар сыяктуу. Ошентсе деле тоо туризми өнүккөн. Корей эли аябай мээнеткеч калк келишет. Күнү-түнү иштешет, ошон үчүн кыска убакытта өнүгүштү, кичи пейил болушат. Өзгөчө чет элдиктер корей тилинде сүйлөгөнүн жакшы көрүшөт. Улгайган адамдар спорт менен машыгышат, велосипед тээп жүргөнү кадимкидей эле көрүнүш. Спорт менен машыкканы үчүн улуу муундагылардын арасында толук киши жокко эсе. Жаштар, студенттер саясатка кызыгышпаганы үчүн талкуулашпайт, улгайган адамдар саясатты сүйлөшөт десек болот. Акыркы саясий окуялар аябай таң калтырды. Президентти кетирүү боюнча митингге дем алыш күнү чыгышып, митинг бүткөндөн кийин отурган жерин тазалап кетишти. Талкалоо, талап-тоноо деген көрүнүш жок. Бул жакта окуган студенттер Кореяга жакын мамлекеттерге саякатка чыгышат. Алардын катарында мен дагы төрт мамлекетке барып келдим. Вьетнам, Малайзия, Сингапур, Индонезиянын Бали аралы. Саякаттан кийин дүйнөгө болгон көз карашым өзгөрдү, келечекте бүт дүйнөнү кыдырып чыгуу тилеги пайда болду.

"Үйлөнүү тойго коноктор жумуштан чыгып, кеды менен бара беришет"

Заманбап үлпөт тойлор да таң каларлык. Үйлөнүү тойго коноктор кийинип, жасанып келишпейт, жумуштан чыгып эле кеды менен барышат. Той эң узак дегенде 40 мүнөт болот. 20 мүнөт нике күбөлүгүн тапшыруу аземи болсо, 20 мүнөт сүрөткө түшүшөт. Батыш жана корейлердин улуттук тамагы эки башка жерге даярдалып, коноктор каалаган тамактарды тандап жешет. Бөлмөгө даярдалат. Бир порция тамак анан вино сунушталат. Азыркы тапта кыргыз кыздары окшош кийим алып калышса бири сөзсүз кийбей коёт го. Бул жакта башкача. Окшош кийинип жүрө беришет. Бир класста 5 окуучу болсо тең жарымы окшош кийинип алат. Айрыкча кыз жигиттер окшош кийинип жүргөндү мода кылып алышкан.

Вьетнам.
Сингапур.
Индонезия. Бали аралы.
Индия.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(15)
24.02.2017. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кантип саякаттап кайсыл жактарга барсак болот чонтоко кайсынымы ынгайлуу супер инфо кутобуз
25.02.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sirgak_92, тайланд жол кирене коп кетет, бирок ал жактдын баасы чонтоко ынгайлуу.
24.02.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат
24.02.2017. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээх кандай сонун аа суктанып алдым,кана эле биздеда ушундай мумкунчулук болгондо барып келмекмин,андай нерсени тушумдода корбосом керек,мен Кареяны корууго олло кызыгып журом бирок мумкунчулук жок,башка жерлерге анча кызыга бербейм,оюмун баары Карея болуп калган.
25.02.2017. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elzira.91,
+басам деп -басып алдым
Корея менин кыялым...
27.02.2017. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elzira.91,
Кечиресиз Корея
24.02.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун!
24.02.2017. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
буюрса кореяга менда барып калам
25.02.2017. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
информатор
25.02.2017. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мнеге Кореяга баруу бут эле кыздардын кыялы,же баргысы келген балдар дагы барбы?балдар иштегени эле барбаса коргону баргым келет дегендерди уга элекмин.
25.02.2017. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nusi..91,Кореец жигиттер коз салып калабы деп кыялданышса керек да.
bond02 түзөттү 2017-02-25 09:35:11
25.02.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанга жетпейт кунары жок мамлекет,бир нерсесин айтпапсын кафе кухнясы жана адамдары сасык жагымсыз синип калган жыты мурдуна бурр этет.Конгучо кыйналасын,кийин озуно да синип калат.
25.02.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалпы эле ачууну көп колдонгон мамлекеттердин адамдары баары эле сасык болушат экен
25.02.2017. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кореяга кантип барса болот жардам берип койгулачы
26.02.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Кореяга окууга баргым келип журот.Анара эже м.н кантип байланышса болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: