super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кыргыздын бычакка сап, намыскөй мырзалары, майрамыңар менен!"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мекен коргоочуларын куттуктайбыз" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Толкун болот деңиздин күчтүү жери, Толкундай бол, кыргыздын жигиттери! Майрамыңыздар менен, биздин коргоочулар!"

"Бар болгула, бардык керектүү, жакшы нерселерге бай болгула! Коргогула, корголгула, айым алдында биринчи козголгула! Тез болгула, ыйман жактан тең болгула! Темир болгула, эл-журтка кеңир болгула! Сыйлагыла, сыйлангыла, жашоонун таттуулугунан жыргагыла! Мекенди, туулган жерди, кичи мекениңди, кичинекей мамлекет - үй-бүлөңөрдү сүйгүлө, аларга чаң жугузбай коргой жүргүлө. Эң негизгиси, мыкты ата болгула!"

"Жигиттер азайганда кыздар коргойт мекенди, жадакалса кээде үй-бүлөнү да сактайт экен, аялзаты балдарын, күйөөсүн кошо багат, бар болгула, кыргызымдын кыздары! Капа болбогула, кыргызымдын жигиттери, силерсиз кыздар дагы үй-бүлө боло алабы, аскерге барбасаң да үй-бүлөңдү коргой бил, кыргыз кызын коргой бил, намысыңды коргой бил, мекениңди коргой бил".

"Чыныгы мекенди жана бизди коргоочулар, майрамыңар менен".

"Интернетте эжелер аскерге баргандарды куттуктап жатат го, а мектепте бизди классташ кыздарыбыз, эжекелер куттуктап жатышат го. Ошого бул өзү кимдердин майрамы деп түшүнбөй калдым. Аскерге баргандардынбы?"

"Ушу аскерге барып келген "братандарды" көрсөм эле сүйүнө берем. Чыныгы жана сапаттуу эркектер, "дедовщина" көрүп, автомат атып, "зыңк" болуп келишкен".

"Кыргыздын бычакка сап, намыскөй мырзалары, майрамыңар менен! Ден соолугуңар бекем болуп элибиздин кызматында болгула! Жигит, эркек деген сөзгө татыктуу болушуңарды каалайм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.02.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай эрежеге жеткискен эр жигит кылып чонойткон Энелер, эжелер, карындаштар деги эле аял заты ар дайым бар болсун. Силер бар бактылуу уй булоо бар. Ар кайдым канатыбызга коргоп алууга даярбыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: