super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-ФЕВРАЛЬ: 202 жыл мурун дүйнөдөгү алгачкы кемени ойлоп тапкан америкалык инженер Роберт Фултон көз жумган

 

Мындан 202 жыл мурун, 1815-жылы 24-февралда америкалык ойлоп табуучу, инженер Роберт Фултон көз жумган. Ал 1765-жылы 14-ноябрда Америкадагы Кичи Британия шаарында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Бала чагында куралдарды, фейерверктерди жасоого кызыгып, чийүү, сүрөт тартууну жакшы көргөн. 12 жашында дөңгөлөктүү кыймылдаткычы бар кайык жасаган. Мектепти аяктаган соң Р.Фултон Филадельфияга көчүп барып, зергердин жардамчысы, кийинчирээк чийүү боюнча адис болуп иштейт. Ал эми 21 жашында Англияга барып, ал өлкөнүн архитектурасын өздөштүрөт. 1793-жылы Р.Фултон кеменин чиймесин жаратып, ал Англиянын өкмөтүнүн кароосуна коюлат. Ал эми 1800-жылы ойлоп табуучу Францияда "Наутилус" деп аталган суу астындагы кеменин алгачкы үлгүсүн жаратат. 1803-жылы А.Фултон Франциядагы Сена дарыясында алгачкы кемени сыноодон өткөргөн. Америкага барган соң 1807-жылы жай мезгилинин аягында Гудза дарыясында анын "Түндүк дарыясынын кемеси" деген аталыштагы кемесин алгачкы жолу иштетип көргөн. Бул кеме тарых барактарында "Клермонт" деген ат менен сакталып калган. Р.Фултон аталган кемеге патент алган соң аскердик үлгүдөгү кемелерди даярдай баштаган. Ага көрүнүктүү мисал катары "Фултон биринчи" аскердик кемесин айтууга болот. 1813-жылы ойлоп табуучу Орусиядагы кемелерди куруу укугуна ээ болуп, бирок андан пайдаланууга жетишпей калган. Ал эми келишим орусиялык инженер Чарльз Бердге өтүп кеткен. Кеме куруудан тышкары Р.Фултон көпүрөлөрдү проектилөө менен алектенген. Алсак, анын проектисинин негизинде Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Жашыл көпүрө (Зеленый мост) курулган.

24-февралга карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: