super.kg logo

Социалдык коргоо башкармалыгы: "Бишкекте люкта жашаган жаран жатып албай өзү аракет кылышы керек"

 

Бишкекте бир жылдан бери люкта жашаган адамга социалдык камсыздандыруу департаменти жардам бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда SUPER.KG порталына Социалдык коргоо министрлигинин алдындагы Социалдык камсыздандыруу департаментинин жетектөөчү адиси Жаныгүл Мелисбек кызы билдирди.

"Биздин департамент буга чейин мындай адамдар менен иш алып барганбыз. Бүгүнкү күндө бул иштер жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигине, райондук администрацияларга берилген. Биз бул ишти карабайбыз. Ал эми департамент аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жөлөк пулдарын чектөө боюнча иш алып барабыз. Карылар, балдар үйүндөгү адамдар боюнча иш алып барабыз", - деп билдирди Мелисбек кызы.

Бир жылдан бери люкта жашап документи жок жүргөн Бакыт Мыксыбаевге жардам берүү маселеси боюнча Ленин райондук социалдык коргоо башкармалыгына кайрылдык.

"Анын жумушка жарамдуу экендигин SUPER.KG порталынан окуп билдик. Бирок нормалдуу, акыл эси жайында адам андай жерде жашабайт. Ал спирт ичимдигин ичип, ага байланып калган. Бирок ошентсе да биз адистер менен барып, ал кишиге түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Кайсы жакка барып укуктук кеңеш алуу керектигин, кандай аракет кылуу зарылдыгын айтабыз. Анын тиешелүү документтери, кайсы бир даректе каттоосу жок болсо ага документ алып берүү, жумушка жайгаштыруу кыйынга турат. Биз ага паспорт алып берүү боюнча тийиштүү кызматтарга сунуш берген менен алар ага барып паспорт алып бербейт. Ал люкта жатып албай өзү аракет кылышы керек", - деп билдирди башкармалыктын жетекчиси Бүажар Мамбетсейитова.

Борбор калаадагы Интергельпо жана Москва көчөсүнүн кесилишинде Бакыт Мыксыбаев аттуу тургундун бир жылдан бери люкта жашап, желим бөтөлкө сатып жашоосун өткөрүп келгени айтылган.

Кошумчалай кетсек, 13-февралда Социалдык камсыздандыруу департаменти Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында 4 небересин жалгыз багып жаткан пенсия жашындагы Мария Атабаевага да жардам бере албастыгын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
24.02.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тообо кылдым, тообо кылдым. Бул адамдыда ата энеси бапестеп чонойтсо керек. Туура, озу аракет кылыщ керекта. Колсуз бутсуздар оздорун багып жатат. Жинди суунун эрчип жинди болгон канчасы аттин ай. Биз адам затка жараткан жаныбарлардан айырмалап акыл эс ой жугуртуу берген. Аттин ай жатканын. Бала чака тууган урук жок бекен.
24.02.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен муну таанысам керек. Ичип алып ит базарда согунуп кагынып эле журчу..
24.02.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аракет кылса, Кудай береке берет.
24.02.2017. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура өзү аракет кылышы керек акыл эси жайында болсо ишке жарамдуу болсо мени баккыла деп эле сулкуйуп жата бербей тооба кылдым
24.02.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар ишке жарамдуу, акыл эси, ден соолугу ордунда мындай адамдар проблемадан, жооперчиликтен,уй-булоосун баккандан качкандар.Кээ бир тааныштарым бар уюндо аялы кичинеле жок жонундо соз баштаса эле кечинде куйоо соорой мас кп эчтеке мн иши жокжатып калган
24.02.2017. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ансызда эл озун озу эптеп багып атат,мамлекетти карабай. Жумуш таап бергиле анда. Ким эмне болоорун,алдыды эмне кутуп тураарын эч ким билбейт
24.02.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ балдарына наалат деп каргап чыгышкан откондо бироолор. Балдарында эмне куноо??? Кайра аларга кыйын ушундай озун сыйлабай тапканын ичип согунуп кочодо жургону учун. Тим эле балдары мээ мээ деп оозуна куюп бергенсип.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-02-24 15:20:48
24.02.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djal1987, этика нормаларын сактаңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: