super.kg logo

Жалал-Абад ОИИБинин жаңы дайындалган башчысы облустун шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен таанышууда

 

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитов облустун шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен таанышууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ОИИБинин башчысы алгач Ала-Бука, Аксы, Токтогул райондоруна жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларына барып ички иштер бөлүмдөрүнүн өз курамы менен жакындан таанышкан.

ш сапар учурунда кызматкерлердин эң алгач социалдык маселелерине көңүл буруп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен да жолугуп көйгөйлөрдү ортого салышты. Чындыгында региондорду кыдырууда милиция кызматкерлеринин жашоо-шарты, турак жайга, үй курууга жер тилкелеринин жоктугу эске алынды жана айрым акимдер жер тилкелерин караштырууга убадаларын беришти. Ошондой эле башкармалыктын башчысы тарабынан өздүк курамга бир топ тапшырмалар, аны менен бирге министрликтин талаптары коюлду. Анын ичинде кызматкерлердин тартиби, эл ишенимине ээ болуу, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө жана функционалдык милдеттерди так аткаруу бар", - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: