super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Президент Боинг кырсыгынын кесепети тийген бардык жарандарга жардам берүү зарылдыгын айтты

 

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып, Курулуш башкармалыгынын дачалары конушунда жүк ташуучу "Боинг-747" учагынын кыйрашынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жапа чеккендерге жардам берүү боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Бул тууралуу 24-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда өлкө башчы бул каргашанын кесепети тийген бардык жарандарга жардам берүү боюнча иштиктүү чараларды көрүүнү улантуу зарылдыгын баса белгилеп, бир дагы адам мамлекеттин көӊүл сыртында калууга тийиш эместигин айтты.

Биринчи вице-премьер-министр мамлекет башчысына Курулуш башкармалыгынын дачалары конушунда трагедиянын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары жолугушууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүн жана жапа чеккендерди утурумдук турак жай, зарыл медициналык жардам жана дары-дармек менен камсыздоо, балдарды социалдык коргоо, алардын окуусун уюштуруу жөнүндө сөз болду.

Мухаммедкалый Абылгазиев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жапа чеккендерге укуктук жана материалдык жардам берүү, чыгымдарды өндүрүү жагында колдоо көрсөтүү маселелеринин чечилиши тууралуу президентке айтып берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
24.02.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми ойгондубу дейм))
24.02.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сексен канча дагы миллион акча тушуптур жардамга. Ар бир жабыркаган уй булоого бирден даяр уй алып берип койсо да жете турган сумма. Тилекке каршы чондорубуздун кекиртегине кетет даа ошол акчалар. Киичине акча берип туруп чон жардам бергендей болушат да, калганы оздорунун чөнтөктөрүнө бөлүп алышат(((
24.02.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жардам беру Зарыл Зарыл Зарыл дейбербей берсенер жардам бергиле болбосо акчаны коротуп жибердик акча жок уктадынар деп койгула карапайым элди умуттондурбой ансызделе биздикилер конуп калган кала берет
24.02.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
че та саал эртераак конул буруп койбодубу. Ушул убакка чейин кайда журду экен а.
24.02.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жардам бериш керек эмес бул жонундо эчаак ойлонуусу керек эле мансап корлор канчалаган адамдар кыштын ызгаар суугунда уйсуз тууган уругуна жаман корунуп ар жерде туноп кун откоруп жатат азыр ушундай кыйынчылык мезгилде бир тууганын да жакшы карабайт кандай адамдар булар эгер булардын оордунда Путин болгондо эчаак уй алып кала берсе тамак ашына жардам бермек а биздикилер эми ойгонду же тушуно кирдиби кандай гана тоок мээлер жашап калган кой канада эх кайран Кыргыз элим Кыйын болду Кыргызга точно
25.02.2017. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урраа АША Эми ойгондуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: