super.kg logo
  Спорт  

ЭЛДИК ВИДЕО: Дүйнөдөгү эң начар лыжачынын видеосу көргөндүн күлкүсүн келтирет

 

"Элдик видео" бөлүмүнө "Дүйнөнүн эң начар лыжачысы Адриан Солано" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Gupa).

Венесуэлалык лыжачы Адриан Соланону лыжа менен жарышуу боюнча дүйнөлүк чемпионаттын көрүүчүлөрү "дүйнөдөгү эң начар лыжачы" деп аташты. Спортчунун чемпионатка катышканга чейин лыжа тээп көрбөгөнү, ал тургай карды биринчи жолу ушул чемпионатта көрүп жатканы белгилүү болду.

Лыжа жарышы Финляндиянын түндүгүндөгү Лахти шаарында орун алды. 10 чакырым аралыгындагы квалификациялык жарыш учурунда венесуэлалык спортчу Солано бир нече ирет жыгылып кайра туруп, лыжаны теппей эле аны кийип алып өрдөкчө басып, ал тургай лыжа таягын сындырып да алган. Анын видеосу интернет айдыңына чагылгандай тарап, чоң талкууга алынды. Мындай талкуудан кийин Адриан маалымат каражаттарына пикирин билдирип: "Мен өз мекенимде чындыгында карды көргөн эмесмин. Ушул чемпионат мен үчүн биринчи жолу лыжа тебүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди. Мен чемпионатка катышуу үчун дөңгөлөктүү лыжа тээп машыккам. 1 ай мурун Скандинавияга барып кар үстүндө машыгуу планым болчу. Бирок мени жергиликтүү полиция мыйзамсыз мигрант деп депортация кылып жиберишкен", - дейт.

Дүйнөлүк чемпионатта Адриан Солано лыжачылар тобунан 6-чакырымда чыгып калган. Ал 1-орунду камсыздаган спортчудан 38 мүнөт кеч келген.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
24.02.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хихихи
24.02.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул венесуэлец го карды биринчи ирет көрүп атат жана алгачкы ирет кар үстүндөкү кадамы. Биздин спортсмен Коля (Матвеев) 138 орунду алды. Кар көрбөгөн бразилец 135 орунду алды. Ошондо ким уят болду?
25.02.2017. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкалар кулсо да биз кыргыздар жон эле коелу биздин лыжачылар деле мындан кем калбайт.
25.02.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экен бирок алгачкы жолу тээп атса да тартынбай катышкан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: