super.kg logo

Юрист: "Бакиевдердин жакындарына тиешелүү мүлк боюнча документтер жасалма экени далилденип жатат"

 

Башкы прокуратура 9-февралда Бакиевдерге тийиштүү мүлктүн аресттен чыгарылып, сатылышы боюнча мамлекеттик каттоо органына кылмыш ишин козгогон. Буга Бишкектин райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы мүлктү аресттен чыгаруу боюнча чечими прокуратурага 2,5 жылдан кийин берилгени, прокуратура кызматкерлери атайын соттук процесске катыштырылбаганы негиз болгону айтылган.

Соттук териштирүүлөрдөн кийин Скрябин көчөсү №45 дарегиндеги мүлк боюнча документтер да жасалма экени далилденип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда юрист Кайрат Осмоналиев маалымат жыйынында билдирди.

Жогорку Соттон иш боюнча укук бузуу фактылары тууралуу түшүндүрмө чыкты. Негизи документтер жасалганда сандар өчүрүлүп, кайра жазылган. Ошол эле учурда соттун чечими Мамлекеттик каттоо кызматында жок болуп жатат. Жогорку Соттун төрайымы калыс баасын бериши керек эле. Ал жасалма иштерди колдоп жатат. Мындан ары биз өлкө башчысына гана кайрылышыбыз керек болуп калды. Мындай аракеттерге башкы прокурор Индира Жолдубаева кылмыш ишин ачышы кажет. Ошол эле учурда прокуратуранын аткарып жаткан түшүнүксүз иштерине баа берүү зарыл”, - деп билдирди юрист Кайрат Осмоналиев.

Жогорку Сотто реформа жүрүп жатат. Бирок мындагы чечимдерди кандайдыр бир топтор улам-улам алмаштырып жатышат. Алар ар кандай жазуулар менен атамды мага бала кылып жатат. Индира Жолдубаева 2010-жылдагы көтөрүлүштөгү акыйкатсыздыктын баарын кайрадан карап чыкканы оң. Азыркы күндө кайра революция жасаш керек дегендер да бар. Кыңыр иш баары бир ачыкка чыгат”, - деп билдирди серепчи Бакыт Бакетаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.02.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эрте Атам кетсе, анын да артын чукуйт))
24.02.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул киши бийлик жакшы деп эле какшап калчу телекөрсөтүүлөрдөн, эми Индира Жолдубаеваны туура эмес деп калыптыр го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: