super.kg logo

Алмамбет Шыкмаматов 4 сааттан бери сурак берип жатат, буга байланыштуу беш депутат УКМКга кирип кетишти

 

"Коррупция", "Документтерди жасалмалоо" беренелери менен кылмыш иши козголуп суракка чакырылган А.Шыкмаматов 4 сааттан бери УКМКга сурак берип жатат. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, мыйзамга боюнча сурак 4 сааттан ашпашы керек. Буга байланыштуу депутаттар Садык Шер-Нияз, Аида Салянова, Каныбек Иманалиев, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошевдер эл өкүлдөрү катары Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик кызматынын төрагасы менен жолугушууга кетишти. Депутаттар митингчилерден тартип бузбоого чакырышты.

Андан соң депутат Каныбек Иманалиев: "УКМКнын төрагасы жана орун басары ордунда жок экен. Бизди кабылдамадан өткөрбөй коюшту. Сурак 4 сааттан ашып кетти. Дагы күтүп туралы", - деди.

Айта кетсек бүгүн, 24-февралда Бишкектеги УКМКнын имаратынын жанында Алмамбет Шыкмаматовдун тарапташтары митингге чыгышты. Ага 200дөн ашуун адам катышып жатат.


кошулду





УКМКнын алдындагы митинг (24.02.17)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
24.02.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Айыптуулар камалышсын да. Не кылат митингди. Адат болуп калды жаз келери менен митинг менен башташып
24.02.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талкуу жабык дечу элего
24.02.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыптуулар камалсын. Бирок,Шыкмаматов 14мин долларга саткан мерседеси туура эле баада саткан. 2011- жылы милленумдар ошондой эле болчу. Мен 10 долларга простой лупарик алгам.
24.02.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура, эгер чындап эле күнөөлүү болсо соттолсун жана камалсын. А күнөөсү жок болсо - ак экендигин далилдеп берсин дагы элге кызмат кыла берсин. А митингге чыккандардын арасында ак же кара экендигин билбей туруп, чыккандары көп. Кээ бир жардамга муктаж жарандар кыйналып атканда дагы ушинтип митингге чыгып, ушул кедей үй-бүлөгө жардам бергиле десеңер туура болот.
24.02.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gena кээ бир жардамга муктаж жарандарга жардам берүү үчүн митинг уюштур барып жардам берели.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: