super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги табып Хашим Зайналиевди жоопко тартуу боюнча сотко кайрылды

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги табып Хашим Зайналиевди жоопко тартуу жана мыйзам чегинде анын бейтапканасын жабуу боюнча сотко кайрылды. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Зайналиевге тиешелүү бардык материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.

Айта кетсек, 2016-жылдын июль айында Хашим Зайналиевдин дарылоосунан өтүп жаткан 56 жаштагы аял каза тапкан. Ал аялдын өлүмү боюнча Бишкек ШИИББи кылмыш ишин козгогон, бирок ишти кароо октябрь айында токтотулган. Кийин "мыйзамсыз дарылоо" боюнча кылмыш иши козголгон. Саламаттыкты сактоо министрлиги Хашим Зайналиевге эч кандай лицензия берилбегенин жана анын ишмердүүлүгү мыйзамсыз экенин айтып келишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.02.2017. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы убакта ушундай жалганчы,адам омуруно коркунуч келтирген табыптар кобойуп кетти. Биз эжем экообуз 2 жыл мурун Арип деген Кызыл-Кыялык табыпка алданып,ар бирибиз 15 мин сомдон бергенбиз.Бир гана медицинага ишениш керек экен. Кудай урсун сени аферист табып Арип!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: