Кыргыз өкмөтү тарабынан 2012-жылы 221 мыйзам долбоору демилгеленген
Кыргызстандын өкмөтү тарабынан 2012-жылы 221 мыйзам долбоору демилгеленген. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Демилгеленген 221 мыйзам долбоорунун 90у кабыл алынып, 3өө четтетилип, 14ү артка кайтартылып алынган. Маалыматка ылайык, бул нормативдүү укуктук актылар калктын татыктуу жашоосун, иш абалын жакшыртуу жана экономикалык, социалдык чөйрөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзүүгө багытталган. Министрлер кабинети өкмөттүн өткөн жылы жүргүзгөн иш-аракетинин отчётун колдоп, аны Жогорку Кеңешке кароого жөнөттү. Отчёт 15-майда каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

