super.kg logo
  Саясат  

Алтынай Өмүрбекова: "Текебаевди түндө кармап кетүүнүн кажети жок болчу"

 

"Өмүрбек Чиркешовичти түндөп кармап кетүүнүн кажети жок болчу", - деп бүгүн, 26-февралда порталына Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Өмүрбекова эмне үчүн 7 жыл мурдагы иш жөнүндө бүгүн сөз болуп жатканына таң калганын айтты.

"Эмне үчүн 2010-жылы болгон иш бүгүн айтылып жатат? Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов 4 жыл мурун депутат болуп турганда бул иш боюнча айткан экен. Эмнеге ошол убакытта иликтенген эмес? Эми Маековский 7 жылдан кийин арыз менен кайрылганда гана кылмыш иши козголуп жатат. Мындан улам менде "бул саясий куугунтук эмеспи" деген суроо жаралууда. Негизи кылмыш иши козголгондон кийин суракка чакырылышы керек болчу. Өмүрбек Чиркешовичти чакырып, сураш керек эле. Ал киши жөнөкөй киши эмес да эң белгилүү саясатчылардын бири. Аны түндөп кармап кетүүнүн эмне кереги бар беле? Ал качпайт болчу. Бул көрүнүшкө таң калдым жана капа болдум. Биз укуктук мамлекет болуп эсептелгенден кийин ар бир адамдын укугу корголушу зарыл. Ал эми күнөөсү далилденсе мыйзам чегинде жооп берсин", - деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, 26-февралда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Башкы прокуратура тарабынан "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде УКМК кызматкерлери кармап кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: