super.kg logo
  Саясат  

"Текебаев тажрыйбалуу саясатчы катары өзүнүн күнөөсү бар же жоктугун далилдеп берет", - дейт Айнуру Алтыбаева

 

"Текебаев тажрыйбалуу саясатчы катары өзүнүн күнөөсү бар же жоктугун далилдеп берет", - деп бүгүн, 26-февралда SUPER.KG порталына КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева билдирди.

Ал бул маселе саясий чечим эмес, кылмыш иши экенин айтты.

"Өмүрбек Текебаевди тажрыйбалуу саясатчы, көп чакырылыштын депутаты катары билебиз. Ал өзү далилдеп берет. Анын күнөөсү барбы же жокпу биз билбейбиз да", - дейт Алтыбаева.

Ошол эле учурда аталган фракциянын депутаты Кожобек Рыспаев Текебаевдин камакка алынышы боюнча бардыгы мыйзам чегинде болушу керек экенин айтты. Ал мындан башка эч нерсе айта албай турганын билдирди.

Эске салсак, 26-февралда саат 03:00 чамасында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Стамбулдан учуп келери менен УКМК кызматкерлери кармап кетишкен. Депутат 48 саатка камакка алынды. Буга чейин Орусиядагы телекоммуникациялык компаниялардын биринин жетекчиси Л.Маевский Текебаевди жоопко тартуу боюнча УКМКга арыз менен кайрылган. Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: