super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Текебаевдин кармалышы менен саясий жаз старт алды

 

Бүгүн, 26-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бүгүн таңкы саат 3 жарымда Түркиядан келип конгон учактан Өмүрбек Текебаевди УКМК кызматкерлери кармап кетишкени белгилүү болду. Ошентип “Ата Мекендин” лидери 48 саатка кармалды. Адвокаттарынын айтымында бүгүн ага айып угузулушу мүмкүн. УКМК депутатты кармоого ага каршы козголгон кылмыш иши негиз болгонун билдирди. Башкы прокуратура Текебаевге 25-февралда “Мегаком” уюлдук операторунун тегерегиндеги иштерге байланыштуу "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөөнү УКМКга өткөрүп берген. Кылмыш иши орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде козголду. Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып бермек болгон. Аталган кылмыш ишине байланыштуу "Ата Мекен" партиясынын мурдагы өкүлү, Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов да бүгүн таң эрте УКМК кызматкерлери тарабынан өз үйүнөн кармалып кеткени белгилүү болду.

Күч түзүмдөрүнүн өлкөдөгү оппозициялык блоктун лидерин түн ичинде учактан түшөрү менен кармап кетүүсүн оппозиция "коомдогу абалды курчутууга карата жасалган провокациялык аракет" деп баалоодо. “Ата Мекендин” лидери Австриянын борбору Венада өткөн ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынынан кайтып келаткан. Эгер качып кетүү же убактылуу “көлөкөгө өтүп кетүү” ниети болсо ал Европадан кайтмак эмес. Депутатты эртең, иш күнүндө тергөөгө чакырып тынч абалда иликтөө жүргүзүү мүмкүн эле. Алдыда президенттик шайлоо күтүп турганда, 2 күндөн кийин баш калаада Орусиянын президентинин расмий иш сапары күтүлүп жаткан маалда күч түзүмдөрүнүн мындай аракети сындала турган кадам болду. Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов бул аракеттерди сындашса, КСДПнын айрым өкүлдөрү митингчилерди сынга алышты. "Иса Өмүркулов камакка алынганда биз митингге чыккан эмеспиз. Тынч абалда, иштин мыйзамдуу иликтенишин күзөтүп турганбыз. Текебаевдин кармалышы күтүлгөн эле иш болчу. Ал мамлекеттик органдарды, анын ичинде парламентти коррупциядан тазалоо максатында башталган процесстин жыйынтыгы болду", - дейт депутат Ирина Карамушкина. Башкы "ата мекенчинин" камакка алынышы Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарды кыдырып жүргөн учурга туш келди. Укук коргоочулар Жогорку Кеңеште чукул жыйынга чогулуп, Текебаевдин кармалышы боюнча УКМКнын, ИИМдин жана Башкы прокуратуранын жетекчилеринин түшүндүрмөсүн угууну эл өкүлдөрүнөн талап кылышууда. Эртең Жогорку Кеңештин спикери менен фракция лидерлеринин жыйыны болуп, парламенттин кезексиз чукул жыйынын чогултуу маселеси тактала турган болду.
УКМКнын алдында Текебаевди колдогон митинг өтүүдө. Чогулгандардын арасында экс-президент Роза Отунбаева, парламент депутаттары Аида Салянова, Каныбек Иманалиев, Наталья Никитенко, Садык Шер-Нияз, саясатчылар, жарандык активисттер жана карапайым эл биригип 500гө чукул митингчилер бар. Алар Текебаевди бошотууну, "Ата Мекендин" депутаттарына саясий куугунтукту токтотууну талап кылышууда. Депутатты колдоо иретинде Базар-Коргон районунда, Ош шаарында митингдер өттү. Албетте, “Ата Мекен” фракциясынын 3 депутатына козголгон кылмыш иштери ар башка окуяларга байланыштуу. Бирок ал иштерди жалпылап, “саясий куугунтук” деп баалоого негиз берип жаткан жагдай бар. Анткени бул депутаттар бийликти кескин сындап келе жаткандар. Экс-премьер, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев дагы Текебаевдин кармалышында саясий түс бар экенин белгилеп, президенттен мыйзамдуулукту сактоону, өлкөдөгү тынчтыкты камсыз кылууну өтүнүп кайрылуу жолдоду. Убактылуу Өкмөттүн төрайымы, мурунку президент Роза Отунбаева бийликти кескин сынга алып, оппозициядагыларды чогулуп ойлонууга, элди “Текебаевдей уулдарын сактап калууга” чакырды. Кыргыз мамлекети 2 ирет башынан революция аркылуу бийлик алмашууну өткөрдү. Үчүнчү ирет мындай иштин болушун карапайым эл каалабасы анык. Бирок тарых кайталанма мүнөзгө ээ. 24-март, 7-апрель алдында да ушундай нааразычылыктар, камоолор орун алган. Темир Сариев эскерткендей, кырдаалдан чыгуунун жалгыз гана жолу турат. Ал – мыйзамдуулукту сактоо.

УКМКнын сыртындагы аракеттер өз жолу менен жүрүп жатат. Ал эми УКМК ичиндеги кырдаал Дүйшөнкул Чотоновдун берген көрсөтмөсүнөн көз каранды. Чотонов Данияр Нарымбаевдин окуясындагы Хажимурат Коркмазовдун ролун аткарып калуусу да мүмкүн...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: