super.kg logo
  Саясат  

Равшан Жээнбеков: "Өмүрбек Текебаев тезинен бошотулушу керек"

 

Өмүрбек Текебаевдин кармалышы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тегерегиндегилер тарабынан саясий оппоненттерди куугунтуктоонун жеткен чеги, сөз эркиндигин кысымга алуунун майнапсыз аракети. Мындай пикирди 26-февралда экс-депутат Равшан Жээнбеков билдирди. Текебаевди тезинен бошотуу зарыл экенин, президенттик шайлоо өтүүчү жылы Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин терс аракеттерине жарандык коом жол бербеши керектигин айтат Жээнбеков.

Эскерте кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда түнкү саат 3 жарым чамасында УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынды. Депутат Түркиядан учуп келгенде "Манас" аэропортунан кармалды. УКМК Текебаев козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалганын билдирүүдө. 25-февралда Башкы прокуратура орусиялык ишкердин "Текебаев менден 1 миллион доллар алган" деген көрсөтмөсүнүн негизинде башкы "ата мекенчиге" кылмыш ишин козгогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: