Жактоочу: "Өмүрбек Текебаев суракка кирип кеткен боюнча эч кандай маалымат жок"
"Өмүрбек Текебаев суракка кирип кеткен боюнча эч кандай маалымат жок", - деп бүгүн, 26-февралда SUPER.KG порталына анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Анын айтымында, депутат эртең мененки саат 10:00дө суракка кирип кеткен. "Мыйзам боюнча 48 саат ичинде баш коргоо чарасы каралат. Текебаевдин камакка алынышы расмий каттоодон болжол менен саат эртең мененки 5:00дө өттү", - деди ал.
Белгилей кетсек, 26-февралда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Башкы прокуратура тарабынан "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде УКМК кызматкерлери кармап кетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

