super.kg logo

Баткен. Баткен шаарында элдин майрамдык маанайы жогору

 
Баткен шаарындагы майрамдык маанай
Баткен шаарындагы майрамдык маанай
Баткен шаарындагы майрамдык маанай
Жаш балдарды ойноткону көчөгө ээрчитип чыккандар көп болду
Баткен шаарындагы майрамдык маанай
Жаштар оюн үстүндө
Балмуздак - балдар жакшы көргөн таттуулардын бири
Балдардын майрамдык маанайы
Балдардын майрамдык маанайы

Бүгүн, 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата Баткен облустук администрациясы тарабынан эч кандай майрамдык иш-чара уюштурулган жок. Бирок Баткен шаарынын тургундарынын майрамдык маанайы жогору, сейил бактарда эл көп. Сейил бакта небересин жетелеп жүргөн Абдуллаева Алима мындай дейт:-

Биз бүгүнкү эмгек күнүн белгилөө үчүн неберелерибизди ээрчитип майрамдык маанайда жүрөбүз. Бул жерде адам көп болгондуктан, майрамдын шаңы көрүнүп турат. Мурда мындай күндөрдө аябай чоң майрам болчу эле. Азыркы жаштар бул күндүн кадырын анча билбегендей. Баарынан да селкинчектерде ойноп жаткан балдар майрамдын көркүн ачкандай.

 

Ал эми Баткен шаарынын кичинекей тургуну, 9 жаштагы Атай буларды айтты:

-    - Бизди атам паркка алып келип ойнотту. Түрдүү селкинчектерге түшүүдөбүз. Бүгүн жакшы майрам да. Адамдар көп болуп, селкинчек тебүүгө кезекке туруп жатабыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: