super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-ФЕВРАЛЬ: Эл аралык ак аюулардын күнү

 

Бүгүн, 27-февраль - Эл аралык уюлдук аюулардын күнү. Бул күндү белгилөөнүн максаты - ак аюулар тууралуу маалымат таратуу жана аларды коргоо керектигине коомчулуктун көңүлүн буруу. Уюлдук аюулардын эл аралык майрамында экологиялык жана жаратылышты коргоо уюмдары түрдүү иш-чараларды уюштурушат. Орусия, Норвегия, Канада, Гренландия жана Америка Кошмо Штаттары (Аляска) майрамды жогорку деңгээлде белгилешет. 2008-жылдын май айында АКШ бул жаныбарды Кызыл Китептеги жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрдүн катарына кошкон. Маалыматтарга караганда, Арктикадагы муздардын эриши 2050-жылда ак аюулардын үчтөн эки бөлүгүнүн жок болушуна алып келиши мүмкүн.

Чоң уюлдук аюулардын салмагы 350дөн 550 килограммга жетет. Ал эми тарыхтагы эң чоң деп катталган ак аюунун салмагы 1 тоннаны түзгөн. Ургаачы аюулардын орточо салмагы 150дөн 300 килограммга чейин болот.

27-февралга карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: