super.kg logo
  Саясат  

Медет Төлөгөнов, саясат таануучу: "Текебаевге карата объективдүү тергөө жүрөрүнөн күмөн санайм"

 

Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча укук коргоо органдары объективдүү тергөө жүргүзүшү кыйын. Бул тууралуу 27-февралда SUPER.KG порталына саясат таануучу Медет Төлөгөнов билдирди.

"Албетте, Текебаевди күнөөлүү же күнөөсүз деп айтуу азырынча эрте. Бирок укук коргоо органдарынын объективдүү тергөө жүргүзөрүнөн күмөн санайм. Кылмыш иштери тандалма мүнөздө козголуп жатканы "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын мисалында көрүнүп калды. Укук коргоо органдары өз функциясын аткаруу менен чектелбей, саясатташып кетти. Буга 2010-жылдан бери парламентте келе жаткан "Ата Мекен" фракциясынын да күнөөсү бар. Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда деле саясий оппоненттерге кысымдар жасалчу, анда "Ата Мекен" үн каткан эмес", - дейт Төлөгөнов.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: