super.kg logo
  Саясат  

УКМК: "Өмүрбек Текебаевди суракка алуу мыйзам негизинде жүрдү, "тамак бербей койду" деген чындыкка дал келбейт"

 

Бүгүн, 27-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди суракка алуу мыйзам негизинде жүргөнү тууралуу билдирүү таратты.

УКМКнын билдирүүсүнө караганда, "Ата Мекен" фракциясынын секретариятынын "Текебаевге тамак бербей, суу эле беришкен" деген маалыматы чындыкка дал келбейт.

"Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова УКМКнын тергөө башкармалыгына саат 10:15те келди. Ал эми тергөө иштери саат 10:45те башталып, 13:30да аяктаган. Андан соң жактоочу саат 16:40ка чейин Текебаев менен сүйлөшкөн. Кийинки сурак саат 16:40та башталып, 18:30да бүткөн. Тергөө иштери баары мыйзам чегинде жүрдү. Түшкү тамактанууга жана тыныгууга убакыт бөлүнгөн", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Буга чейин Өмүрбек Текебаевди суракка алуу 11 саатка созулганын, ал убакыт аралыгында түшкү тамак берилбегени айтылган.

Айта кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Ө.Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген. Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМК кызматкерлери депутатты кармап кетишкен. Текебаев 48 саатка УКМКга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: