"Оскар 2017": "Ла-Ла Ленд" тасмасын адашып "Мыкты фильм" номинациясы боюнча жеӊүүчү деп атап алышты





Бүгүн, 27-февралда "Оскар 2017" сыйлык тапшыруу аземинде алгач "Ла-Ла Ленд" тасмасы "Мыкты фильм" номинациясы боюнча жеӊүүчү деп табылган. Бирок бул категория боюнча сыйлыкты "Айдын жарыгы" тасмасы алып кетти.
Жеӊүүчүнү актёр-актриса Уорен Битти жан Фэй Данауэй жарыялашкан. Битти элдин күлкүсүнөн буйдалып кеттиби, айтор, "Ла-Ла Ленд" тасмасын жеӊүүчү деп айта салган. Көп өтпөй актёр башка конвертти алып алганы белгилүү болгон. Андан соӊ алып баруучу Жимми Киммел катачылык үчүн аудиториядан кечирим сурады.
"Эмне болуп кеткенин билбейм, бирок бул нерседе өзүмдү күнөөлөйм. Ушундай уят болорумду билгем, эми сөз берем кайра келбейм", - деп аземди жыйынтыктаган алып баруучу.
"Ла-ла Ленд" тасмасынын жаратуучулары сахнага чыгып, ыраазычылыгын билдирүүгө даярданып жатканда жеӊүүчү башка экенин угуп, чыгармачыл топтун эч нерсени түшүнбөй шок болуп туруп калганы байкалат.
"La La Land" тасмасын адашып "Мыкты фильм" наамы боюнча жеңүүчү атап алышты
Экинчи пландагы мыкты актриса - Виола Дэвис. "Оскар-2017"
Мыкты оригиналдуу сценарий - Деңиз боюндагы Манчестер. "Оскар-2017"
Экинчи пландагы мыкты актёр - Али Махершала. "Оскар-2017"
Аулии Кравалхо ырдап жатып баштан жеди. "Оскар-2017"
Алпаруучу кино сүйүүчүлөрүнө мүмкүнчүлүк берди "Оскар-2017"
Лин-Мануэль Миранданын "Оскар-2017" аземинде берген интервьюсу
"Оскар-2017" сыйлык тапшыруу аземинен
"Мыкты актриса" - Эмма Стоун. "Оскар-2017"
