super.kg logo

Чүйдө тургундун 8 жаштагы кызын уурдоого аракет жасаган жаран кармалды. Арыздануучу анын бошонуп кетишинен кооптонууда

 

Атын атагысы келбеген Сокулук районунун тургуну SUPER.KG порталына кайрылып, жакын арада болгон окуяны айтып берди. Анын айтымында, мындан 1 ай мурун 8 жаштагы кызы мектептен кайтып келе жатканда белгисиз жаран аны уурдоого аракет жасаган. Окуядан 1 жума өткөн соң, шектелген жаран милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Арыз берүүчү кармалган адамдын психикалык жактан жабыркай тургандыгын билип, ал эркиндикке чыгып кетпейби деп кооптонууда.

"Кызым 2-класста окуйт. Мектепке дайыма маршруттук такси менен барып келет. Ошол күнү адаттагыдай эле сабактан чыгып келе жатса, маршруттук таксиден жанына бейтааныш адам келип отуруп, сөзгө тартып, ар кайсы суроону берип алдап жатып телефон номерин алып алган экен. Кызым үй жакка келип түшүп калганда тиги киши артынан кошо түшүптүр. Жолдон үйгө чейин кыйла жөө басабыз. Ошол аралыкта ал кызымды кармап, көтөрүп, уурдоого аракет жасаптыр. Кыйкырып, ыйлап жибергенде коё берген экен. Үйгө келгенде болгон окуяны айтып берди.

Кечке жуук кызымдын телефонуна белгисиз номер чалды. Билмексен болуп телефонду алдырсак, "жанагы окуяны эч кимге айткан жоксуңбу?", - дептир. Ошондон кийин кызымдын телефонун өчүрбөй жандырып койдук дагы укук коргоо органдарына арыз бердик. Телефонго күнүгө, түн ичинде дагы чалып жатты. Милиция кызматкерлери аны колго түшүрүшүп, психикалык жактан жабыркаган жаран экен деп, Республикалык психикалык ден соолук борборуна текшерүүгө алып барышканын айтышты. Мен эми аны ден соолугуна байланыштуу маалым каттын негизинде эркиндикке чыгарып жибербейби деп кооптонуп жатам", - дейт арыздануучу.

Бул боюнча Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев төмөнкүлөрдү билдирди: "Окуя боюнча арыздануучу укук коргоо кызматкерлерине 3-февралда кайрылган. Окуяга шектүү катары ыкчам топ Сокулук районунун 1987-жылы туулган М.Ж. аттуу тургунун кармашкан. Иликтөөнүн негизинде аталган жаран Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турары маалым болду. Ага соттук-психологиялык экспертиза дайындалган. Эспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча психикалык ооруканада кармалып турат. Окуя менен прокуратура көзөмөл органы дагы кабардар. Экспертиза узакка созулгандыгына байланыштуу ишти кароо мөөнөтү февраль айынын ортосунда дагы 1 айга узартылды. Жыйынтыкка жараша ага чара көрүлмөкчү.

Психикалык ден соолук борбору берген маалым катка таянсак, бул жаран 2-топтогу майып. Анын 30 жашта экенине карабай, акыл-эси 11-12 жаштагы баланыкындай. Ал окуя болгон күнү жашы жете элек кыздан телефон номерин, жашаган жерин сурап, акча берем деп, өзү менен кошо кетүүнү сунуштаганы кыздын ата-энесинин арызында жазылган".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
02.03.2017. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Женишбек Айтиевдин баласын да олтуруп койду го психикалык оорулу бала
02.03.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Псих болобу башка болобу адамга кооптуу болгондон кийин камалышы керек,психтердики ак бекен эмне?
02.03.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бычып коюш керек кызыкпай калат
02.03.2017. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ии кудай сактаптыр!
Арам ою бар болсо керек!
02.03.2017. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Андайларды чыгарбай эле жок кылыш керек.Чыкканда деле кимге пайдасы тиймек дагы бироонун убалына калат да.Педофил дегендер кобоюп кетти бычыш керек же атууга кетириш керек
02.03.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bars88,tuptuura
02.03.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
8 жаш кызга телефон не кереги бар. Номерди ал кайдан Алды
02.03.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
maratik.0708,ото кереги бар жолдо мектептен кела жатканда уйдо жалгыз калса ата энеси менен бацланышат.
02.03.2017. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
psih bolso psihuwkadan nege 4ygarywat, kamaw kerek
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: