super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин эки фракциясы "Текебаев боюнча кезексиз жыйын өтсүн" деген чечим кабыл алган

 

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары "Текебаев боюнча кезексиз жыйын өтсүн" деген чечим кабыл алган. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда журналисттерге "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, ошонун негизинде жыйын болсун деп чечим чыгарыш керек.

"Эгер ЖКнын төрагасы жыйын болсун деп чечим кабыл алган болсо өтөт. Азыр түштөн кийин дагы фракция лидерлери чогулабыз. Жалпысынан Өмүрбек Текебаев мамлекетке кирип келе жаткандан кийин камап койгону туура эмес деп эсептейм", - деди Алтынбек Сулайманов.

Айта кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген. Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМК кызматкерлери депутатты кармап кетишкен. Текебаев 48 саатка УКМКга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: