super.kg logo

Бишкекте "Алтын курактын эргүүсү" фестивалы өттү

 

Бишкекте "Алтын курактын эргүүсү" фестивалы өттү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-февралда билдирди.

Фестивалга министрликтин жетекчисинин орун басары Жылдыз Полотова катышканы маалым болду. Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программа, кары адамдардын улуттук салттардын жана маданияттын сакталышына кошкон салымы тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, жаштардын "Кары адам тууралуу менин түшүнүгүм" аталышында баяндамалар жана сүрөт көргөзмө сынагы орун алды.

"Бул иш-чара "Кары адамдар тарыхый-маданият мурастын алып жүрүүчүлөрү" долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоордун негизги максаты карыларга социалдык-маданий кызматтарга ээ болууга шарт түзүү. 10 чыгармачыл топ түзүлүп, долбоордун ишке ашуусуна 500 миң сом бөлүнгөн", - деп айтылат маалыматта.

"Бүгүнкү фестиваль улуу муунга ыраазычылык билдирүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк. Алардын көбү активдүү жашоону улантып, коомчулук менен аралашып, өсүп келе жаткан муунга үлгү болушууда. Өлкөнүн өнүгүүсү улуу муундун тажрыйбасында негизделген биздин коомдун тарбиясынан көз каранды", - деген Полотова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: