super.kg logo
  Саясат  

Иса Өмүркулов: "КСДП фракциясы Текебаевдин иши боюнча кезексиз жыйынды өткөрүүнүн зарылчылыгы жок деген чечимге келди"

 

"КСДП фракциясы Текебаевдин иши боюнча кезексиз жыйын өткөрүүнүн зарылчылыгы жок деген чечимге келди", - деп бүгүн, 27-февралда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов журналисттерге билдирди.

"Себеби 1-мартта Жогорку Кеңештин отуруму өтөт. Тергөө амалдары объективдүү, адам укуктары тебеленбей, мыйзамдуу өтүш керек. Ошондо бардыгы чечилет. Азыр айтылып жаткан маалыматтарда ар ким өзүнүн позициясын айтып жатат. Мындай тегирменден мен дагы өткөм. Суроо жаралбашы үчүн эмоцияналдуу чечим кабыл албай, бул ишти сотко калтыруу керек", - деди эл өкүлү.

Мынан тышкары ал Өмүрбек Текебаевди түндө аэропорттон камакка алуу боюнча фракция лидерлеринин жыйынында УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге суроо берилгенин айтты.

"УКМКнын өкүлү бул фактор боюнча жашыруун амалдар көрүлгөнүн айтты", - деди лидер.

Ошондой эле өтүп жаткан митингдерге каршы экенин кошумчалады.

Айта кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген. Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМК кызматкерлери депутатты кармап кетишкен. Текебаев 48 саатка УКМКга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: