super.kg logo
  Саясат  

Биринчи Май райондук соту бүгүн Текебаевдин баш коргоо чарасын карайт. Имараттын алдын милиция кызматкерлери курчоого алды

 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 27-февралда депутат Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын аныктайт. Азыркы учурда райондук соттун имараты милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынууда. Патрулдук милициянын кызматкерлери жолдорду тазалап, кошумча милиция кызматкерлери тартыла баштады.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынган.






Текебаевдин баш коргоо чарасы сотто каралат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: