super.kg logo
  Саясат  

СУПЕРСТАН: "Эртең Путин келет. Ошондо ар ким тарапташтарын ээрчитип тосуп алабы?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши козголду. Эми кезек кимде?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Туугандар, Кыргыз мамлекетинин келечеги бүдөмүк болуп баратат. Бүт эле оппозициядамын дегендердин баарына иш козголуп жатат. Мындан ары кандай болор экен? Азыртан ушундай болуп жатса, президенттик шайлоого чейин эмне болот?"

"Кайра жакшы, биринин артын бири чукуп жатып суунун бетине чыккан көбүктөй кылмыштары чыгат".

"Бул жөн гана саясаттын сасык оюндары. Текебаев периште деп айтпайм, бирок мына, коррупция деп камап коюшканы жалган жалаа деп эле ойлойм, 2010-жылдагы ишти эмнеге эми көтөрүп жатышат, унчукпай жети жыл жүрдүбү?"

"Эртең Путин келет. Ошондо ар ким тарапташтарын ээрчитип тосуп алабы? "Бизде ушундай, Путин, көңүл бурбай эле кой" деп коюшабы? Башка өлкөлөргө сөз болобузбу дагы?"

"Мен эч ким тарапта эмесмин. Булар атайын ушундай кылыштыбы же чын эле болдубу, ал белгисиз. Атамбаев деле өз калоосу менен кетиш керек. Минте берсе кырдаал курчуйбу деген коркунуч пайда болууда".

"Жаштар эле жаштар дейсиңер, жаштарыңарды көрүп жатабыз го, азыркы жаштар болбойт, келечек муундарды билбедим, бирок азыркы жаштарга ишенбейм, башка өлкөлөрдү көрсөңөр биринчи нааразычылык акцияларды студенттер башташат, а бизде чал, кемпир жана эң назик делген аялдар чыгышат, ал эми жаштардын ж-сыда жок".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: