super.kg logo

Кадамжай районунун Пүлгөн айылынын тургундары жол тосууга чыгышты

 

Кадамжай районунда Пүлгөн айылынын тургундары жол тосуу аракетин көрүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда SUPER.KG порталына райондун акиминин биринчи орун басары Жаныбек Исаков билдирди.

"Жергиликтүү жашоочулар оор жүк ташуучу унааларды Баткен-Сүлүктү-Лейлек аймактарына жүрүүчү жол каттамын жабуу аракетин көрүштү. Бирок учурда жол ачык. Жергиликтүү милиция кызматы абалды көзөмөлдөп, райондук мамлекеттик администрация элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Элдин талабы оор жүк ташуучу унаалар бул жолдон өтпөсүн деп жатышат. Негизи Баткендин башка аймактарына барууга мындан башка алтернативдүү жол жок", - деп билдирди Исаков.

Жаныбек Исаковдун маалыматына ылайык, учурда жол тосууга Пүлгөн айылынын жашоочулары чыккан. Митингчилердин саны 50дөй киши. Алар Ош-Баткен-Исфана унаа жолундагы Көк-Талаа-Пүлгөн тилкесин жүк ташуучу унаалар үчүн жабууну талап кылышууда. Буга акыркы убактарда жүк ташуучу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктары себеп болгон.

Айта кетсек, 3-февралда Пүлгөн айылында күйүүчү май ташыган унаа турак үйдү бузуп, оодарылып кеткен. Мында үч адам жаракат алган. 24-февралда да күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып кетип, айылды аралап кеткен. Алгач жолдо бара жаткан 56 жаштагы аялды тебелеп, кийин Дэу Тико үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 56 жаштагы аял жана Тиконун 52 жаштагы айдоочусу каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
28.02.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Чын эле Бут ооор жук ташыган камаздар отот
28.02.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Обббо Кадамжайлыктарга не жок дейм да
28.02.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
jigitaly, эми Сен ал жерде жашабасан тушунбойсунда , элге уйку бербей камаздар куну туну отот, уйлору жарака кетет, тынчтык жок , жол боюнда опасный жашоо, жолдо эки кун бириде авария болот ..
Сага жонокой сезилгени менен ал жакта андай эмес.
Tansuluu09 түзөттү 2017-02-28 12:57:53
28.02.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
jigitaly,баарыбыз бейпилдикте жашагыбыз келет алакандай элде.сен не эл эмессинби
28.02.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jigitaly, кадамжайлыктар эмне жарты беле .
Жазаарда ойлонуп анан жазсан.
28.02.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
ГКНБнын кызматкерлери саясый ишмерлерди куугунтукка алгандан коро ошол Тажикистанга Кадамжай ж-а Баткен аркылуу оор жук машинелерде куйучу майды коррупциялык жана контрабандалык жол м-н ташылып жатканын иликтешпейби.КСДПнын журт атасы биз коррупция м-н курошуп жатабыз деп Эвропада тим эле болбой мактанды эле кана курошкорну.Тажикистанга Кыргызстан аркылуу куйучу майды алып барууну токтуш керек.
28.02.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
лейлек аркылуу тажикстанга барат,жолдо женил унаага караганда грузавой коп болуп кетти го
28.02.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sabina92, конушу мамлекеттер мн туташтырган эн Чон жол ошолда
28.02.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин Ала-Буканын жолу да жол деген эле аты калбаса,такыр журуп болбой калды Штамберди Бозумчак алтын кендериндеги кытайлардын хоа машинасынын айынан.
28.02.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чон жук ташуучу унаалар жолду да талкалап бутту!!! Тандап - тандап чукурга тушобересин. Бул жолдо машина да адам да чагылып бутойун деп калды!!! Бийликтегилер ушундай маселени чечсе болмок! Бири- бири мн тытышпай.
28.02.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Узбекистан чакты ачып ошол жака жургуло деп айтыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: