super.kg logo

Кадамжай районунун Пүлгөн-Көк-Талаа унаа жолун тосууга чыккандар тарап кетишти

 

Кадамжай районунда жол тосууга чыккан Пүлгөн айылынын тургундары тарап кетишти. Алар Ош-Баткен-Исфана унаа жолундагы Көк-Талаа-Пүлгөн тилкесин жүк ташуучу унаалар үчүн жабууну талап кылышкан эле. Буга акыркы убактарда жүк ташуучу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктары себеп болгон.

Жол тосууга чыккандар менен жолугушууга өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары келди. Учурда Пүлгөн-Көк-Талаа унаа жолунан жүк ташуучу унаалар өтпөй жатат.

Кадамжай шаарынын мэри Толкун Камбаров SUPER.KG порталына жогорудагы маселе боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтты. "Эл эртең менен жол тосууга чыгышты. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кырсык көп болгон жерге эки тосмо орноттук. Бул айдоочулардын ылдамдыкты азайтышына түрткү болот. Жол тоскондор талап кылган Пүлгөн-Кара-Жантак жолу боюнча биз өкмөткө кайрылуу жөнөтөбүз", - деди мэр.

Айта кетсек, 3-февралда Пүлгөн айылында күйүүчү май ташыган унаа турак үйдү бузуп, оодарылып кеткен. Мында үч адам жаракат алган. 24-февралда да күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып кетип, айылды аралап кеткен. Алгач жолдо бара жаткан 56 жаштагы аялды тебелеп, кийин Дэу Тико үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 56 жаштагы аял жана Тиконун 52 жаштагы айдоочусу каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.02.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ошол жолдон өтпөй анан кайсы жолдон өтсүн кызык элесиңерда туугандар жол тоспогула жол тоскон чоң күнөө
28.02.2017. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Узбекистан жакты ачш керек чон машина ларга
Ошондо кырсык болбойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: