super.kg logo

Орусиянын Эмгек жана социалдык коргоо министри Максим Топилин Бишкектеги карылар үйүнүн абалы менен таанышты (фото)

 

Бүгүн, 28-февралда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова Орусия Федерациясынын расмий делегациясынын алкагында Кыргыз өлкөсүнө келген Эмгек жана социалдык коргоо министри Максим Топилин менен жолугушту. Жолугушуу Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн болгон стационардык мекемеде болуп өттү.

Максим Топилинди аталган жайдын жашоочулары элдик ырларды ырдоо менен тосуп алышты. Андан соӊ аталган жайдын директору Эркингүл Абдылдаева келген конокторго мекемени тааныштырып, улгайган жарандар үчүн кандай шарттар түзүлгөнүн көрсөтүп чыкты.

Таалайкүл Исакунованын айтымында, мурда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде социалдык чөйрөнүн бардык багыты боюнча орус тарап менен тажрыйба алмашуу боюнча иштер жүргүзүлө бермекчи.

Белгилей кетсек, өлкөдө улгайган жарандар үчүн жалпы 6 социалдык стационардык мекеме бар. Учурда ал жакта 792 улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашашат.






Орусиянын Эмгек жана социалдык коргоо министри Максим Топилин

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
28.02.2017. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким билет бул каарыларыбыз мындай тазалыкта канча кун жашаар экен. Менимче кече постелдерин жанылаганго?
28.02.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен барып кордум постелдери эски
Жанылап коюшуптур, бирок ошол жакта иштегендер жакшы карашат экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: