super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев ЕАЭБдин көйгөйлөрү жыл аягына чейин чечилерин айтты

 

ЕАЭБдин калган көйгөйлөрү жыл аягына чейин чечилет. Бул тууралуу 28-февралда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Президент уюмдун алкагында Орусия Кыргыз мамлекетине көп жардам бергенин айтып, уставдык капиталы 500 миллион долларды түзгөн Кыргыз-Орусиялык өнүктүрүү фондун мисал кылды.

"Кыргыз мамлекети менен Орусия мындан ары да стратегиялык өнөктөш бойдон кала берет. Орусия президентинин саясий эрки менен уставдык капиталы 500 миллион долларды түзгөн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлдү. Орус тарап интеграциялык процесстин алкагында техникалык жардам иретинде 200 миллион доллар бөлдү. Ар кандай имиш, ушактарга карабай ЕАЭБге киргенибиз эң туура кадам болду", - деди Атамбаев.

Путин Орусия быйыл ЕАЭБге төрагалык кыларын, жыл ичинде Кыргыз мамлекети ЕАЭБдин шартына ылайыкташуусуна жардам берерин айтты. Сөз арасында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кириши кыйын болгонун, Атамбаев улуттук кызыкчылыкты коргоодо катуу турганын да белгиледи.

Резиденцияда Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: