super.kg logo
  Спорт  

Иззат Артыковго соттун чечими кандай чыкпасын, ага Олимпиададагы коло байгенин ээси катары стипендия берилет

 

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 2017-жылдын 1-январынан тарта 30-июнга чейин спортчулардын ай сайын берилчү стипендиясына 12 миллион 618 миң сом сарптайт. Аталган агенттик билдиргендей, анда стипендия ала турчу жалпы 256 спортчу белгиленген.

Мамлекет тарабынан стипендия алган спортчулар түрдүү мелдештерде жараткан ийгиликтерине жараша 7 категорияга бөлүнүшөт. Алсак, эң жогорку категорияда атайын комиссиянын чечими менен Эламан Догдурбек уулу (эркин күрөш) Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Каныбек Жолчубеков жана Арсен Эралиев (грек-рим күрөшү), Иззат Артыков (оор атлетика), Илгиз Каналбек уулу (дзюдо), Эсен Калиев жана Жыргалбек Орозбаев (пауэрлифтинг) айына 45 миң сомдон стипендия алышат.

Оор атлетика боюнча Азиянын учурдагы чемпиону Иззат Артыков “Рио-2016” Олимпиадасынын иши боюнча соттун чечими кандай чыкпасын, Олимпиаданын коло байге ээси катары стипендия алат.

Комиссия Отар Бестаев, Владимир Золоев жана Чингиз Мамедов (дзюдо), Евгений Наумкин, Александр Черных жана Роман Петров (фехтование), Садыр Мамытов (ат спорту) стипендия төлөнбөйт деген чечим чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
28.02.2017. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оо бул жагы эркекче болуптур.Изат Красавчик
28.02.2017. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура чечим! Ошончо эл корду телевизордон Кыргызстан деп )))) а калганы неважно, чемпион не чемпион. Башкысы желек Риодо желбиреди!
28.02.2017. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башкысы желек желбиреди болду калганы өлүп кетсин дегиле. Стипендияны жалаң кыргыздарга берип орустарга берилбей калыптыр эртең алар арызданып чыкпаса болду жаманбы жакшыбы алар деле салым кошту да баарына бирдей мамиле кылуу керек
28.02.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Badu88, мага да ошондой ой келди, жалан эле башка улуттар окшойт албай калгандар. Балким сын эле татыксыз болгондур алан.
28.02.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Юрий ге деле берсе болмок ваккерге деле
28.02.2017. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мындай чечим болбойт адилеттүүлук кайда калды эмнеге канынан допинг чыгып соттолуп медалынан ажырап калганга чейин барса дагы жогорку деңгээлде стипендия толонуш керек дагы калгандарга толонбош керек чын Ыззат жакшы катышты оюнга желекти желбиретти анысын тана албайбыз бирок башка мамлекеттерге уят эле болдук го 100 спортчубуздан бирөө коло медаль алып анысын да тартып алып койду ошонусуна карабай стипендия берип жатасыңар жакшы бирок баардык спортчуга бирдей мамиле кылыш керек уят
28.02.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Анда башка спортчулар деле допинг колдонуп олимпиадага барып ойноп анан желек желбиреди болду медалды алсаңар алгыла бизге кереги жок главный желек желбиресе болду айына стипендия алсак болот деш керек экен да силер бул чечим мн спортчуларга оңой шарт түзүп берип жатасыңар
28.02.2017. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура чечим.А орустарга болсо боор орубай эле койгула.Орустар эч качан бизге адилеттуу мамиле кылган эмес!!!
28.02.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эч ким боор ооруй элек оруспу кытайбы озбекпи канчалык бир деңгээлде кыргыздын атын чыгарып жүрүшөт бул кадам мн спортчулардын эртеңки күнүнө ишеничин жоготушат
28.02.2017. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу мекендештер, Иззат учурдагы Азиянын чемпиону деп жатпайбы. Ошон үчүн да алат да стипендия. Ал эми Ваккерге берсе адилеттүү болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: