super.kg logo

Памирлик кыргыздардын 198и медициналык кароодон өтүп, 11и дарыланууга муктаж экени айтылды

 

Бүгүн, 28-февралда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматында "Ага Хан" фондунун өкүлү Алтаав Хашам менен Президенттик аппараттын эл аралык байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Адылбек Исмаилов жолугушту. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы кабарлады.

Жолугушуунун алкагында Кичи Памирдеги кыргыздарга жардам көрсөтүүдө жаралган маселелер тууралуу талкуу болду. Маалыматка ылайык, ал жактагы этникалык кыргыздар курч мүнөздөгү респиратордук вируска кабылып, айрымдары каза болгону, кээ бири катаал аба ырайынан кыйналып жатышканы айтылгандыктан, аталган фонддун кызматкерлери жабыркагандарга жардам берүүгө аттанган.

"Катуу кар жаагандыктан, ал жакка жетүү кыйын болгон, бирок дарыгерлер аларга жетип барышкан. 24-29-январларда 198 этникалык кыргыз медициналык кароодон өтүп, тиешелүү жардам көрсөтүлгөн. Алардын ичинен 11 чоң киши атайын дарылоодон ооруканада өтүшү керектиги аныкталган. Эң жакын оорукана Тажикстандагы Мургаб районунда. Аларга болгон жардам көрсөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Көбү катаал аба ырайынан, жакшы тамактанбагандан улам пайда болчу оорулар менен жабыркашканы маалым болгон.

Аларда вирустук жугуштуу оорулар, дем алуу жолдорунун оорулары, гастрит, тонзилит табылган. Бул маселени чечүү үчүн ооган бийлиги менен тыгыз иштешүү жана Тышкы иштер министрлигинин кийлигишүүсү керектиги айтылган жолугушууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
28.02.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийлик алып келсин боордошторду
28.02.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Памирлик кыргыздарды алып келсе болот эле Атамбаев, эч нерсе оспогон бир тоодо жашашат экен байкуштар, ошондой жашоодо булар оорубаганда ким оорумак эле. Дагын ото тырышчаак экен, ошондой катаал шартта да жашап, тукум улап келип жатышат. Ал эми олкобуздо бир аз кыйналып калса эле жалоба башталат, эч нерсем жок ачка калдым, олуп атам деп
28.02.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен служба кылганмын 1998 жылы жазда, памирде Бадагшан деген шаар Ишкашым райондо. Ошол кезде ушул жазылып турган Ага хан деген ал булардын кудайы бологон азыр деле кудайы алардын. Эмне учун дегенде аларды баккан ошол ошону учун кудай деп койот ар бир уйго кирсен ошол Ага хандын суроту бар аялынын анан балдарынын суроттору бар, мен коруп алып акылдан кеткенмин ээ туугандар. Ошол адамдар ошол жонокой кишини кудай деген. бир куну ишкашим шаарга келгенде айылдын баары кеткен коргонго ошол адамды
Aldyiar түзөттү 2017-02-28 22:40:26
28.02.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кана жанагы 3саатта паспорт бергендер ушуларга бербейби кыйналды булар ,тажиктер ичида оорубайт буларга.
01.03.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын кучу жана акчасы жетбейт ошол элди алып келгенге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: