super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Бийлик көлөкөгө баккан талапкерин чыгарууга бардык шарт түзүлдү

 

Бүгүн, 28-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 25-апрелге чейин камакта болот. Мындай чечимди кечээ Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту түн жамынып калган убакта чыгарды. Митингчилерден чочулоо деңгээли ушунчалык, иш Биринчи Май райондук сотунун имаратында, кийинчерээк айтылгандай көчмө жыйын менен УКМКнын имаратында дагы эмес, азыр иштебей калган Аскердик соттун имаратында каралды. Эске салсак, эл өкүлүн аэропорттон кармап кетүү да түн ичинде болгон. “Коррупция”, “алдамчылык” беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинде Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкерден 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Ал эми ушул эле иште ортомчу болгон делген Дүйшөнкул Чотоновдун да абакта кармалуусу 2 айга белгиленди. Бул аралыкта “Ата Мекен” фракциясын Алмамбет Шыкмаматов убактылуу жетектей турган болду. Ага карата да Башкы прокуратура тарабынан “коррупция” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Өмүрбек Текебаевдин камалышына нааразылык билдиргендер бүгүн УКМКнын алдына митингге чыгышты. Нааразычылык акция көпкө узаган жок, бирок аптасына 2-3 жолудан өткөрүлүп турары айтылды. Эртең Жогорку Кеңеште жыйын учурунда башкы “ата мекенчинин” маселеси көтөрүлүп, андан ары депутаттар тарабынан талкууга алынат. Ал талкуу Текебаевдин камалышы боюнча абалды басаңдатып же тескерисинче курчутушу мүмкүн. Бирок көпчүлүктү түзгөн коалициядагы, атүгүл азчылыкта болгон оппозициядагы эл өкүлдөрүнүн деле Текебаевдин ишинде бекем эрк, эркин көз карашты айтып чыга алары күмөн. Эртеңки жыйында бийлик парламентти чын эле Чолпон Жакупова айткандай “колун толгоп, башкарып алганбы” же мыйзам чыгаруучу бийлик Конституцияда белгиленген өз алдынчалыгын, көз карандысыздыгын сактап калганбы, коомчулук байкайт...

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Бишкекке бир күндүк иш сапары менен келди. Ал ага чейин Казакстан жана Тажикстанда болуп, аталган өлкөлөрдүн президенттери менен жолугушууларды өткөрдү. Кезек Кыргыз мамлекетине жетип, бул расмий визиттин тегерегинде сөздөр оголе көп болгону белгилүү. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин “бизде 19-ноябрда жаңы президенттик шайлоо болуп өтөт, мен алдын ала ишимдин жыйынтыгын чыгарууну баштадым” дегени сүйлөшүүлөрдүн маңызы кандай болорун билдирет. Буга байланыштуу Путин “Кыргыз өлкөсүндөгү ички саясий процесс – биздин ишибиз эмес, бирок туруктуулукту баалайбыз” деп кыйытты. Ал эми Атамбаев туруктуулук боюнча революцияларга чекит коюлганын айтты. Кантта жайгашкан Орусиянын аскердик базасы боюнча Орус башчысы “кыргыздар керек эмес деген күнү чыгып кетебиз” деп жооп берсе, ал эми ЕАЭСтин алкагындагы маселелер жылдын аягына чейин чечилет деген убада берилди. Эки президенттин журналисттер менен жолугушуусунда Кыргыз мамлекетиндеги учурдагы кырдаал, Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы тууралуу да сөз болду. Президент Алмазбек Атамбаев бул окуяга карата мамилесин кыска-нуска сөзү менен билдирди. “Азыр бир гана Текебаев эмес, 2010-жылы бийликке келгендер өздөрүнүн былык иштери сыртка чыгып кетет деп коркуп жатышат. Дагы кайталайм, ууру түрмөдө отурушу керек”. Өмүрбек Текебаевдин УКМКнын абагынан жиберген салам дубайы андан да кыска болду. “Мен сынбайм, актыгымды далилдеп, акырына чейин күрөшөм”, - деди оппозиция лидери.

Жалпы жонунан кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусу кыска убакытка созулуп, өтө деле маанилүү документтерге кол коюлбаса да, жылуу атмосферада, стратегиялык өнөктөштөр катары ишенимдүү жагдайда өткөндүгү алардын сүйлөшүүсүнөн байкалып турду. Өмүрбек Текебаев абакта, Владимир Путин келип кетти. Эми КСДПнын жаман көздөн, жаман сөздөн алыс кармалып, көлөкөдө багылып жаткан президенттикке талапкери эл көзүнө чыгарылат деп күтүүгө болот...

Ушул жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча эмгек мигранттары мекенине 97,8 миллион доллар которду. Мындай маалыматты Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди. Жогорудагы көрсөткүч былтыркы жылы 50,4 миллион долларды түзгөн. Акча которуулар мамлекеттин ички дүң продуктусунун дээрлик 30 пайызын түзөт. 2014-жылдагы жыйынтык боюнча, ИДПга карата акча которуулардын деңгээлинин шайкештигин карап Дүйнөлүк банк Кыргыз өлкөсүн алдынкы үч мамлекеттин катарына киргизген. Акча которуулардын басымдуу бөлүгү Орусиядан жөнөтүлөт. Артка көз чаптырсак, Орусиядагы мекендештер эң көп 2013-2014-жылдары акча которушкан, тагыраагы, жалпы сумма 2 миллиард доллардан ашкан. Аталган өлкөдөгү каатчылыкка байланыштуу 2015-жылы акча которуу 1,1 миллиард долларга түшүп кеткен. Каатчылыктын каары кайтканы акча которуулардын көлөмүнүн өскөнүнөн көрүнүүдө. Кыргызды өкмөт, мамлекеттик жогорку кызматтарды, парламентти ээлеп, өлкөдөгү кыбыр эткен бизнес тармагын ич ара бөлүшүп алган чиновниктер эмес, мигранттар багууда. Демек, өкмөт жок дегенде мигранттарды чет өлкөлөрдө укугунун корголушу менен камсыз кылуусу керек...

2 жашында кордук көргөн Ибрагимдин окуясына чекит коюлду. Бүгүн Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту сабалган наристенин иши боюнча кармалган агасын өмүр бою эркиндигинен ажыратып, ал эми агасынын аялын 15 жылга эркинен ажыратты. Эске салсак, 2015-жылдын 10-январь күнү Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине 2 жаштагы бала оор жаракаттары менен эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Текшерүүгө алган дарыгерлер наристенин сексуалдык зомбулукка да кабылышы мүмкүндүгүн айтып, укук коргоо органдарына кайрылышкан. “Супер-Инфого” берген маегинде жабыркаган баланын атасы аялы менен ажырашып кеткенин, даваатка кетерде баланы кароого аталаш агасынын үйүнө таштаганы белгилүү болгон. Окуя боюнча ден соолукка атайылап оор зыян келтирүү, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети боюнча кылмыш иши козголуп, Аламүдүн районунун Озёрное айылынын тургуну, баланын атасынын 1968-жылы туулган аталаш агасы, кийинчерээк анын аялы кармалган. Өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук окуялары коомчулук тарабынан курч талкууга алынат жана наристелерге кордук көрсөткөндөр өлүм жазасына тартылсын деген чакырыктар көп айтылат. Резонанс жараткан Ибрагимдин окуясы жана ага байланыштуу чыгарылган бүгүнкү өкүм буга окшогон ондогон-жүздөгөн окуяларга кулак кагыш болуп, балдарга жасалган мыкаачылык эң катаал жазага тартылышы талаптагы көрүнүш болушу шарт...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: