super.kg logo
  Саясат  

Олег Панкратов: "Франция менен өнөр жай, жогорку технология жана туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз"

 

28-февралда вице-премьер-министр Олег Панкратов Франциянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Микаэль Ру менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Биз Франциянын ири компаниялары тарабынан инвестицияга кызыкдарбыз. Республика 185 миллиондой калк жашаган Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүн эске алганда, Франциянын компанияларында өз продукцияларын сунуштоого жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Биз өзүбүз тараптан кыргыз экономикасына инвестиция тарта турган бизнесмендерге ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз», - деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов бул жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесинин түзүлгөндүгүнө 25 жыл болгонун жана эки өлкө ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багытта кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Элчи Микаэль Ру акыркы кезде бир катар француз ишкерлери менен жолугушууларды өткөргөнүн билдирди.

«Алардын көпчүлүгү сиздердин өлкөдө жана аймактарда иштөөдө тажрыйбасы бар жана сиздердин рынокко келип иштөөгө кызыкдар. Биздин биргелешкен иш аракеттерибиз эки өлкө ортосундагы алаканын бекемделишине салым кошот деп ишенем», - деп жыйынтыктады француз дипломаты Микаэль Ру.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: